Японияда коронавирустун жаңы штаммы аныкталды. Эмнеси менен кооптуу

© REUTERS / KIM KYUNG-HOONТокиодо коргоочу маска кийген эркектер
Токиодо коргоочу маска кийген эркектер - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.02.2021
Жазылуу
Японияда COVID-19дун мутацияланып кетиши учурдагы вакциналардын натыйжалуулугун төмөндөтүшү болжолдонууда. Ошондой эле бат тараган касиети болушу ыктымал.
БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Японияда коронавирустун жаңы штаммы аныкталганын РИА Новости жазды.
Өлкөнүн Улуттук инфекциялык институтунун маалыматы боюнча, COVID-19дун мутацияланып кетиши учурдагы вакциналардын натыйжалуулугун төмөндөтүшү мүмкүн. Ошондой эле бат тараган касиетке ээ экендиги болжолдонду.
Ухань шаарынын жашоочулары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.02.2021
Вирусолог жазында коронавирус боюнча кырдаал кандай болорун боолголоду
Япониянын өкмөтүнүн башкы катчысы Кацунобу Като коронавирустун жаңы штаммы 93 кишиден аныкталганын билдирди. Эки бейтаптан оору өлкөгө учуп келгенде, калганы Канто аймагында аныкталган.
Японияда пандемия башталгандан бери коронавирусту 424 миң киши жуктурду, анын 7,37 миңи оорудан көз жумду.
Жаңылыктар түрмөгү
0