Ресторандын ичинде таскактаган ат. Чурулдаган коноктор, талкууга түшкөн видео

© Sputnik / Сергей Пятаков / Медиабанкка өтүүЖылкы. Архив
Жылкы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя Актау шаарындагы тойканалардын биринде өтүп жаткан баланы отургузуу тоюнда болгон.

БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. Казакстанда ак боз аргымакка жаш баланы мингизип тойканага алып киргенде ат үркүп, аз жерден үстүндөгү баланы жыгып, конокторду тебелеп кете жаздады. Бул тууралуу Tengrinews.kz порталы жазып чыкты.

Маалыматка караганда, мындай окуя Актау шаарындагы ресторандардын биринде баланы отургузуу тоюнда  болгон.

Смерть вместо свадьбы — видео крушения вертолета с невестой - Sputnik Кыргызстан
Тойго учуп келе жаткан колукту каза болду. Кулаган тик учак тартылган видео
Видеодо көрүнгөндөй чоңдор улуттук кийимчен, болжол менен 5-6 жашар баланы аргымакка мингизип ресторандын жасалгаланган залына жетелеп киришет. Ошол убакта катуу музыка жаңырганда ат үркүп, суулуктап тургандарды тоготпой сүйрөп, коноктор отурган столдорду аралай, атырыла чуркаган.  Алкынган азоо ат залдын аягына барып токтогон. Бактыга жараша, бала ээрде каткан тейде калып, жыгылган эмес.  Залдагылар чурулдап, ал эми аялдар кичинекей балдарын четке ала чуркаганын көрүүгө болот.

Буга чейин да Казакстанда баласынын мектеп босогосун аттаганына арналган той интернет колдонуучулар арасында кызуу талкууга түшкөн. Анда тойдун күнөөкөрүн "алтын чапан" кийген жоокерлер "алтын тактыга" көтөрүп чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0