Тойго учуп келе жаткан колукту каза болду. Кулаган тик учак тартылган видео

Жазылуу
Кыз тойго келгендерди асмандан түшүп таңгалдырууну каалаган экен, бирок, максатына жетпей калды

Бразилияда өзүнүн тоюна учуп келе жаткан колукту тик учак кулап каза тапканын The Daily Mail билдирди.

Авиакырсык өткөн жылдын 4-декабрында Сан-Паулу шаарында болгон. Ал эми видео интернетке жакында гана жайгаштырылды.

Колукту тойго келгендерди асмандан түшүп таңгалдырууну каалаган экен, бирок, максатына жетпей калды. Кыз менен кошо жанында келе жаткан бир тууган агасы, аларды тарткан кош бойлуу фотограф жана учкуч кошо каза тапкан.

Кытайда чоң муштум аял ууруну жерге жыгып сабап таштады - Sputnik Кыргызстан
Кытайда чоң муштум аял ууруну жерге жыгып сабап таштады
Басылма кайгылуу бул окуя үйлөнүү той өтө турган жерден анча алыс эмес аймакта болгонун жазды.

Тик учактын ичинде тартылган видеодо колуктунун эмнегедир тынчсызданып келе жатканын байкоого болот. Жанындагы агасы карындашынын колун бекем кысып, коркконун жооткотууга аракет кылгандай.

Ал эми сыртта боз тумандан айлана даана көрүнгөн эмес.

Бир убакта тик учак чайпалып барып, дүрбөлөңгө түшүп, ызы-чуу болгондордун үнү угулуп, андан бир нече ирмемдерден кийин баары тынчып калганын көрүүгө болот.

Басылма колуктусунун каза болгонун 32 жаштагы күйөө бала чиркөөдөн укканын жазды. Алар үч жыл мурда таанышып, экөө биргелешип үйлөнүү тоюна акча чогулта баштап, быйыл тилектерин ишке ашырмак болгон экен…

Жаңылыктар түрмөгү
0