Соңку маалымат боюнча, республикада жалпы жонунан 2 743 медицина кызматкери COVID-19 жуктуруп алган. Анын ичинен 1 664 медик айыгып чыкса, 73 кызматкер көз жумган.
Бүгүн премьер-министр Кубатбек Боронов эпидемиологиялык абал Ысык-Көл, Жалал-Абад жана Чүй облустарында оор экенин билдирди.
Sputnik Кыргызстан агенттиги республиканын аймагындагы жети облуста медициналык кадр маселесине кайрылып, маалымат чогултту.
Коронавирус медицина каймактарын терип кетти. Дарттан көз жумган медиктер
Ысык-Көл облусу
Ушу тапта бул облуста абал кыйын болуп жатканын статистикадан көрүүгө болот. Бир суткада коронавирус жуктуруп алгандардын саны боюнча аймак биринчи орунга да чыккан.
Облуста үстүбүздөгү жылдын 27-июлунда Ысык-Көл райондук аймактык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнүн башчысы Сарбагыш Иманалиев эки тараптуу пневмониядан улам каза болду. Ага чейин аталган райондогу Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун башчысы, 62 жаштагы Бүбүайым Жээнбаева коронавирустан улам көз жумган.
Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлүнүн орун басары Элмира Усенованын айтымында, буга чейин облуста дарыгерлер жетишпей ажиотаж жаралган.
"Бишкекте абал жакшырды, бирок аймактарда бир аз оор болуп жатат. Бир жума мурун Ысык-Көлдө врачтар жетишпей тынчсыздануу болду. Кырдаал күч алгандан бери дарыгерлер бир сыйра ооруп да чыгышкан. Ал ортодо Россиядан тогуз медик келди. Азыр облустун кайсы районунда оору күч алса, ошол жакка медиктерди жиберип жатабыз. Негизинен буга чейин эле Ысык-Көлдө эндекринолог жана эпидемиологдор жетишсиз болуп келген. Эпидемиологиялык кырдаал күчөгөндө медиктердин жетишпестиги аябай билинди. Ошол себептен мурда кесибин таштап кеткендерди жана ординаторлорду чогултуп, жалпысынан ооруканага 22 врач алып келдик. Азыр дүрбөлөңгө түшө турган маселе жок", — деди ал.
Пол жууп болсо да кол кабыш кылып кетчүмүн. Ысык-Көлдөгү ыктыярчылардын мээнети
Анын айтымында, облус боюнча Жети-Өгүз районунда абал курч болуп, "Кумтөрдө" иштегендердин көбү ооруп калгандыктан, статистикага таасирин тийгизген. Учурда Жети-Өгүздөгү Кызыл-Туу айылына үч врач жиберилди.
Ысык-Көл районунун акими Данир Иманалиевдин айтымында, учурда райондогу абал туруктуу.
"Азыр Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан реанимация бөлүмүнө үч врач жөнөтүлгөн. Андан тышкары, Караколдон келген бир реаниматолог бар. Бишкектен реаниматолог Автандил Умаржанов да чакырылган. Жугуштуу оорулар бөлүмүндө эки врач, хирургияда эки дарыгер, соматикалык оорулар бөлүмүндө эки врач иштеп жатат. Ал эми "Алтын Балалык" стационарына үч дарыгер келген", — деди аким.
Чолпон-Ата шаарынын жашоочусу, 30 жаштагы атын атагысы келбеген ыктыярчы чындыгында абал абдан оор болуп, медиктер жетишпей Чолпон-Атанын стационарында 84 бейтапты эки врач карагандыгын билдирди.
"Бишкекте абал оор болуп турган убакта райондун акимине "Жаштар жарандык коргоо" уюму "жолду жабууга жардам бергиле, азыр борбордон көп киши келип жатат, абал оорлоп кетпесин" деген сунуш менен киргенбиз. Анткени ошол убакта Бишкектеги эпидемиологиялык абалдан кооптонгондор, эс алуучулар Чолпон-Атага көп келе баштаган. Андан көп өтпөй эле Ысык-Көлдө оору жугузгандардын саны көбөйүп кетти. Чолпон-Атада жаңы ачылган стационардагы орундар эки күндө толуп, медиктер жетишпей, 84 бейтапты эки врач жана он чакты медайым дарылаган учур болду. Башында медиктердин коргоочу костюмдары начар болгондуктан көбү ооруду. Жумушта иштеп жүрүп эле эсин жоготуп жыгылгандарды көрдүк. Бир топ эле кыйын болду. Бирок азыр абал турукташып бара жатат", — деди ал.
"Сактап кал" деп жалдыраган көздөр жүрөгүмдү тилип кетти. Ыктыярчылардын маеги
Нарын облусу
Саламаттык сактоо министрлигинин Нарын облустундагы координатору Мурат Алияскаровдун айтымында, Нарында да медиктер жетишпей, жергиликтүү ооруканалар болгон мүмкүнчүлүгү менен иштеп жатышат.
Облуска Россиядан сегиз дарыгер келген. Алар облустагы беш районду кыдырып, үч же беш күндөн иштеп, тажрыйба бөлүшүп, жардам берип жатышат.
"Россиядан келген врачтар бүгүн Ак-Талаа районунан келип, Жумгал районуна кетишет. Ал жактан кырдаалга жараша иштешет. Эпидемиологиялык абал орто болсо үч күн, оорураак болсо беш күн иштешет. Иштөө тартиби ошондой экен. Бөлүмдөрдү кыдырып болгон кеңештерин берип, тажрыйбасы менен бөлүшүп жатышат. Азыр пневмонияга кабылгандар жана алардын өтө оор абалдагыларына өзгөчө көңүл бурулуп, россиялык медиктер менен иштешип жатабыз. Пневмония болгон бейтаптардын дарылоосуна бир катар оңдоолор киргизилди. Жергиликтүү бийлик менен биргеликте иш алып барып жатабыз, жалпы кырдаал акырындык менен жакшырып бара жатат", — деди ал.
Ата-энем COVID жуктуруп алган соң ишке кириштим. Нарындык ыктыярчы кыздын маеги
Алияскаров билдиргендей, Нарынга министрлик тарабынан жиберилген пульмонолог, реаниматолог жана терапевт келген.
"Облуста жалпысынан абал бирдей, пневмония өзгөчө өсүп кетти деген аймак жок. Күндүзгү стационарлардын иштеши менен ооруканалардын иши жеңилдеди. Нарында КММАнын кадрларды кайра даярдоо борборунун филиалы бар, атайын тапшырма менен кыска аралыкта адистерди кайра даярдоо курстарынан да өткөргөнбүз. Бирок кызыл зонага кесипкөй адистерди гана киргизип жатабыз. Ал эми кайра даярдоодон өткөн медиктерди мобилдик топторго бөлдүк", — деди координатор.
Маалыматка ылайык, учурда Нарын облусунда 365 врач, 1 500 орто медициналык билимге ээ кызматкер иштеп жатат. Облуска 135 дарыгер жетишпейт.
Талас облусу
Саламаттык сактоо министрлигинин координатору Айжамал Шабдинова облуста жалпы 251 врач иштеп жатканын билдирди. Анын айтымында, иштеп жаткан дарыгерлерден тышкары 65 жаштан өйдө 51 врач бар, алар милдеттүү медициналык эс алууда. Бирок айлык акылары сакталып калат. Облуста жалпы 934 медайым бар, алардын ичинен 28инин курагы 65 жаштан жогору болуп, атайын категорияга кирет.
"Пандемияга чейин эле Талас облусунда ар кандай багыттагы 108 врач жетишпей келген. Үй-бүлөлүк дарыгер, эндокринолог, реаниматолог, неанатолог жок. Азыр кызыл зонада 261 медицина кызматкери иштеп жатат. Бейтаптарды кароого врачтар жетпей, өзгөчө кырдаал жаралган жок, ошентсе да медиктер чыңалган шартта иштешти. Бирок ишти жөнгө салып келе жатабыз", — деди ал.
Шабдинова билдиргендей, Талас облусу Саламаттык сактоо министрлигине Кара-Буура районунун Чат-Базар айылына бир инфекционист сурап кайрылган.
Учурда облуста күнү-түнү иштеген тогуз стационар бар. Мындан тышкары, бейтаптарды күндүз тейлөөчү жайлар да иштөөдө. Күндүзгү стационарлар суткасына 1 800 кишини кабыл алып жатат.
Жалгыз таштабайбыз: Россия COVID менен күрөшүүдө коңшуларына жардам кылууда
Жалал-Абад облусу
Жалал-Абад облустук Үй-бүлөлүк медицина борборунун директорунун орун басары Кадича Пратованын маалыматы боюнча облуста жалпы 184 дарыгер жетишпейт. Алардын көбү үй-бүлөлүк дарыгерлер, эпидемиолог, инфекционист жана реаниматологдор.
Негизинен облуста жалпы 6 152 медик иштейт. Алардын 1 661и дарыгер.
Пратованын айтымында, Жалал-Абад облусу боюнча 86 врач, 163 медайым коронавирус жуктуруп алган.
"Жалал-Абад облусу боюнча оору жуктургандар көп катталып, аларга орун жетишпегендиктен облустун аймагында жалпы 753 кошумча орун менен күндүзгү стационарлар ачылган. Мобилдик бригадалар да иштеп жатат. Бирок акыркы беш күн ичинде чакыруулар бир топ азайды. Жалал-Абадда үй-бүлөлүк дарыгерлердин көбүнүн жашы 60тан өйдө, кооптуу топко киргендер. Министрликтин атайын буйругу менен дарыгерлер 14 күн иштеп, 7 күн эс алышууда", — деди ал.
Пандемия маалында облуста эки врач, бир медайым көз жумган.
Ош облусу
Саламаттык сактоо министрлигинин Ош шаарындагы координатору Кыялбек Ташболотов Ошто иштеп жаткан дарыгерлердин саны жетиштүү экенин билдирди.
"Шаарда изолятордо 372 медик иштеп жатат. Алардын 127си врач, 130у медайым жана 117си медициналык тейлөө кызматкерлери. Күндүзгү жана түнкү стационарларда 60 медик эмгектенип жатат. Ал эми изоляторго бейтаптар үчүн 1 150 орун даярдалып, анын алты жүзүндө киши дарыланууда", — деди ал.
Министрликтин Ош облусундагы координатору Шаятбек Абдурахмановдун айтымында, Бишкектен жана Россиядан Ошко 18 врач келген. Алар Ош облустук жана Ош шаардык ооруканасында иштеп, дарыгерлерге жардам көрсөтүп, учурда Алай өрөөнүндө жүрүшөт.
"Ош облусунда жалпы 1 971 врач, 6 707 медайым бар. Булардын ичинен 166 дарыгер, 169 медайым жана техникалык персоналдын 107 кызматкери коронавирус жугузуп алган. Пандемиядан улам 9 врач, төрт медайым жана бир медкызматкер каза болгон", — деди Абдурахманов.
Жети облустагы Тез жардам кызматынын учурдагы абалы
Баткен облусу
Саламаттык сактоо министрлигинин Баткен облусу боюнча координатору Арзыбек Борубеков билдиргендей, облуста 800 врач жана 3,5 миң медайым эмгектенүүдө.
Аталган аймакта жүздөн ашык медицина кызматкери коронавирус инфекциясын жугузуп, учурда алардын көбү сакайып чыккан.
"Пандемияга чейин эле облуста жалпы 88 врач жетишсиз болчу. Эпидемиологиялык абал күч алып турган учурда дарыгерлердин тартыштыгы аябай байкалды. Бирок кадрлар менен туура иштешип, маселени жеринде чечүү менен чоң жоготууга учурабай, оор кырдаалдан чыгып кеттик. Башка аймактардагыдай эле инфекционисттер менен эпидемиологдордун тартыштыгы бизде да бар", — деди ал.
Бишкекте оору күч алып турган мезгилде Баткен жергесинен медиктердин эки тобу борбордогу кесиптештерине жардамга келишкен. Бүгүн алар үйлөрүнө жөнөтүлдү.
Элди мобилизациялай алдык. Баткендеги ыктыярчылар кантип жардам берүүдө
Чүй облусу
Саламаттык сактоо министрлигинин Чүй облусу боюнча координатору Асел Адамалиеванын билдирүүсү боюнча облуста 1 354 дарыгер, 3 141 медайым болсо, медициналык тейлөө кызматында иштегендердин саны — 1 146.
Пандемия маалында оорудан улам сегиз врач каза болуп калган. Ал эми 87 дарыгер, 203 медайым жана 17 медициналык тейлөө кызматкери ооруп өргүүгө чыккан.
Маалыматка ылайык, Чүй облусундагы ооруканаларга 72 врач, 93 медайым жана 63 медициналык тейлөө кызматкери керек.
Азыркы абал
Учурда Кыргызстан боюнча 9 321 бейтап стационарда дарыланып жатат. Анын ичинен 3 801 учур лабораториялык изилдөөлөр аркылуу тастыкталган. Калган 5 520 учур клиникалык белгилери аркылуу аныкталганы айтылды.
Пандемия башталгандан бери өлкөдө коронавирус жуктуруп алган учурлардын саны 35 143кө жетти. Анын ичинен 24 474 киши ооруну жеңип, айыкты. Тилекке каршы, коронавирус 1 364 кишинин өмүрүн алды.