00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
6 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:00
5 мин
Будь в курсе
20 округов вместо 40 районов: бюджеты, полномочия и отход от дотаций
20:07
47 мин
Ачык кеп
Айыл чарбадагы химиялык каражаттар: сапат жана коопсуздук
21:06
40 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жазылуу
Ош облусунун Алай районундагы Нура айылында Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы энергетика жана логистика тармагындагы ири долбоордун башталышына арналган мезгил кутусун салуу аземи өттү. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, долбоор "Кыргыз көмүр" ишканасы менен кытайлык компаниянын ортосундагы өнөктөштүктүн негизинде ишке ашырылууда. Инвестициянын жалпы көлөмү 430 миллион долларды түзөт. "Демилгенин негизги максаты — Текелик көмүр кени аймагынан казылып алынган көмүрдү Эркеч-Там өткөрмө пункту аркылуу экспортко чыгаруу үчүн заманбап логистикалык инфраструктура түзүү. Бул ташуу чыгымдарын азайтып, Кыргызстандын тышкы рыноктогу атаандаштык мүмкүнчүлүгүн жогорулатууга багытталган", — деп айтылат маалыматта. Анын алкагында Нура айылында 10 гектар аянттагы логистикалык борбор, көмүрдү байытуучу эки фабрика жана ленталуу конвейер системасы курулат.
Жогорку Кеңеш телекоммуникациялык тармактардагы көзөмөлдү күчөтүүчү мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды. Документке 78 депутат "макул" деп добуш берсе, бирөө каршы чыкты. Мыйзам долбоору телекоммуникация, санарип технологиялар жана улуттук коопсуздук тармагындагы эрежелерди жаңылоого багытталган. Анда УКМК менен ИИМдин телекоммуникациялык тармактар аркылуу маалымат алуу жана ыкчам-издөө мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү сунушталды. Ага ылайык, укук коргоо жана коопсуздук органдары кылмыштарды ачуу жана тергөө иштеринин алкагында колдонуучулардын байланыштары жана байланыш түзмөктөрү тууралуу маалыматтарды ала алат. Ошондой эле документте аудио жана видеокөзөмөл жүргүзүү, объектилерди санарип технологиялар аркылуу таануу мүмкүнчүлүктөрү каралган. Тагыраагы, укук коргоо органдары атайын техникалык каражаттарды колдонуу менен үн жана видеомаалыматтарды алуу же көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгүн алат.
Панфилов айылында СССР Баатыры, генерал-майор Иван Панфиловдун эстелиги калыбына келтирилди. Салтанатка РФ элчиси Сергей Вакунов, Россотрудничество өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Альберт Зульхарнеев, Панфиловдун небереси Алуа Байкадамова жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты. Иш-чараны КРСУ уюштурду. 1972-жылы орнотулган эстелик көп жылдар бою начар абалда болгон. Постаменти бузулуп, сырты урап түшкөн, гранит плиталары жарылып, маалымат жазылган тактайча жарабай калган. Калыбына келтирүү иштери 2025-жылдын март айында, Улуу Жеңиштин 80 жылдыгын утурлай башталган. Эстеликтин айланасы көрктөндүрүлүп, отургучтар коюлуп жарыктандырылды. Ошондой эле балдар жана спорт аянтчалары жасалды.
Бишкекте каналга секирген чет элдик кызды куткарган кайгуул кызматкери сыйланды. Окуя 4-майда болгон. Милиционер кыздын артынан сууга секирип, аман алып калган. Талгарбек уулу Адилге ИИМдин башчысынын орун басары Адылбек Бийбосунов медаль ыйгарды.
Жаңылыктар түрмөгү
0