00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
5 мин
17:54
5 мин
Ежедневные новости
18:00
6 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
7 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
“Ак илбирс” борбору – жапайы жаныбарларды изилдеп, коргоодогу жаңы кадам
11:08
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Как отличить инвестиции от пирамиды и не пожалеть
12:05
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Орус тили жана Пушкин: маданият, билим берүү жана заманбап окутуу ыкмалары
13:04
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
9 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Шаирбек Ташиевдин камактагы мөөнөтү дагы эки айга узартылды. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи май райондук сотунан билдиришти. Маалымдалгандай, сот анын баш коргоо чарасын 15-майда карап, 16-июлга чейин камакта калтырган. Ички иштер министрлиги 1-апрелде Шаирбек Ташиев "Кыргызнефтегаздагы" коррупция, анын ичинде мамлекетке 4,1 миллиард сом зыян келтирилгени боюнча шектелип кармалганын билдирген. УКМКнын мурунку төрагасынын иниси суракта "Кыргызнефтегазда" мунай бар экендигин угуп, алар менен нефть сатып алабыз деп келишим түзүүгө баргандыгын айткан. Эске салсак, 16-мартта Салык кызматы "Кыргызнефтегаз" мамлекеттик ишканасындагы коррупциялык схема тууралуу иликтөө жарыялаган. Анда ортомчу схемалар жана чийки затты шектүү эсептен чыгаруулардан улам ишкана болжол менен 4,18 миллиард сом зыян тартканы белгиленген. Ошондой эле бул схемаларга Ташиевдин туугандары, үй-бүлөсүнүн катышы бар экени айтылган. Мындан улам "Кыргызнефтегаз" ишканасындагы коррупцияга шектелип кармалган төрт адам 16-майга чейин №1 тергөө абагына камалган болчу.
УКМК төрагасы Жумгалбек Шабданбеков Кытайдын коомдук коопсуздук министри Ван Сяохунду кабыл алды. Бул тууралуу комитеттин маалымат кызматы билдирди. Жолугушууда стратегиялык долбоорлорду ишке ашыруудагы коопсуздук маселелери талкууланды. Алардын ичинде Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун курулушу да бар. Ошондой эле террорчулукка, диний экстремизмге, экономикалык кылмыштарга жана киберкоркунучтарга каршы күрөшүү жаатындагы кызматташтыкты бекемдөө боюнча макулдашууга жетишилди. Шабданбеков кытайлык инвесторлордун укугун коргоого даяр экенин билдирди. Белгилей кетсек, Кытайдын Коомдук коопсуздук министрлигинин делегациясы кечээ ички иштер министри Улан Ниязбеков менен жолугушкан.
Москвада киши колдуу болуп каза тапкан кыргызстандык аялдын иши өзгөчө көзөмөлдө экенин Тышкы иштер министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, окуянын бардык жагдайларын тактоо максатында Россиядагы элчиликтин консулу ыкчам түрдө Москва шаары боюнча Тергөө комитетинин башкы тергөө башкармалыгына жөнөп кетти. Ошондой эле элчилик тарабынан укук коргоо органдарына тиешелүү суроо-талаптар жөнөтүлгөн. Буга чейин чет элдик ЖМКлар Москвада 33 жаштагы кыргызстандык аялдын сөөгү өзү жашаган батирдеги дивандын алдынан табылганын жазышкан. Аны өлтүрүүгө шектелип бөлмөлөш мекендеши кармалса, дагы бир чогуу жашаган кыргызстандык Казакстанга чыгып кетүүгө үлгүргөнү айтылууда. Министрлик окуянын чоо-жайы такталганда кошумча маалымат берилерин кошумчалады.
Кытайга мамлекеттик сапар менен барган Владимир Путин КЭР төрагасы Си Цзиньпин менен болгон кеңири форматтагы жолугушууда эки өлкөнүн алакасы жаңы доордогу мамлекеттер аралык байланыштын жогорку үлгүсү экенин айтты. Бул тууралуу РИА Новости жазды. РФ лидеринин билдирүүсүнүн негизгилерине токтолсок: Россия менен Кытайдын ортосундагы соода 25 жылдын ичинде 30 эсе көбөйдү; Жакынкы Чыгыштагы абалдан улам Москва энергоресурс менен камсыздаган ишенимдүү тарап бойдон калууда; Кытай менен ынак коңшулук тууралуу келишим — бардык багыт боюнча кызматташуунун өзөгү; Путин Си Цзиньпинди 2027-жылы Россияга келип кетүүгө чакырды. Өз кезегинде КЭР лидери Кытай менен Россия глобалдык башкаруунун адилеттүү системасын түзүшү керектигине токтолду.
Жаңылыктар түрмөгү
0