00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
7 мин
Ежедневные новости
08:00
6 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
11 мин
Тема дня
«Открытый кабинет»: день с вице-премьером Амангельдиевым - заводы, цены и санкции
18:12
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
6 мин
Туяк
Чуйковдун дүйнөсү: кыргыз менталитетинин сүрөттөгү көркөм баяны
19:07
30 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Об экономике и не только
ШОС, НАТО и Большая Евразия: экономист Рахимов о перезагрузке континента
20:06
56 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Донорлук — адам өмүрүн сактоодогу маанилүү кадам: Республикалык кан борборунун ишмердиги жана кан тапшыруу маданияты
21:05
39 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
Турак жайды милдеттүү камсыздандыруу боюнча мыйзам долбоору жактырылдыБишкек — Балыкчы багыты боюнча поезд каттамы 5-июндан тарта жанданатКыргызстанга Кытайдын Коомдук коопсуздук министрлигинин делегациясы келдиБишкекке Кытайдын коомдук коопсуздук министри Ван Сяохун баштаган делегациясы келгенин ИИМ билдирди. Сапардын алкагында ички иштер министри Улан Ниязбеков менен Ван Сяохундун жолугушуусу мерчемделген. Анда тараптар укук коргоо тармагындагы кыргыз-кытай кызматташтыгынын маселелерин, ошондой эле ведомстволор аралык мындан аркы өз ара кызматташуунун келечегин талкуулашат.
Бүгүн саат 12:43тө Ош облусунун аймагында жер титиреди. Бул тууралуу Сейсмология институтунан билдиришти. Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн очогу Бор-Дөбө айылынан түндүккө карай 11 чакырым, Ош шаарынан түштүк-чыгышка карай 115 чакырым аралыкта жайгашып, күчү 3 баллга жеткен. Бор-Дөбө айылында жердин силкинүүсү 2 баллга чейин сезилген. Алдын ала маалымат боюнча, жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги шылуундар ведомствонун атынан жалган кайрылуу жасап жатканын эскертти. Маалымдалгандай, WhatsApp жана башка социалдык тармактар аркылуу министрликтин жетекчилигинин атынан жалган билдирүүлөр тарап жатат. Тагыраагы, белгисиз номерлерден өзүн министрмин же анын орун басарымын деп тааныштыргандар "жаңы номеримди сактап алыңыз" дешүүдө. Министрлик төмөнкүлөрдү эскертет: белгисиз номерлерден келген билдирүүлөргө ишенбеңиздер; акча которбоңуздар; жеке маалыматтарыңызды бөлүшпөңүздөр; шектүү шилтемелерге кирбеңиздер. Эгер мындай учурга кабылсаңыз, тактоо үчүн өзүңүздөр байланышып жүргөн министрликтин кызматкерине түз чалыңыз.
Жогорку Кеңештин тармактык комитети турак жайларды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды. Экономика министринин орун басары Беназир Нурланованын айтымында, документ камсыздандыруу системасын жакшыртууга, жарандарды коргоого жана төлөмдөрдү өз убагында берүүгө багытталган. 2025-жылы бул багытта 247 камсыздандыруу учуру катталып, 32 млн сомго жакын төлөм берилген. Ал эми 2026-жылдын алгачкы төрт айында 90 учур боюнча 22,5 млн сом төлөнгөн. Айыл жеринде полистин баасы жылына 600 сом, шаарда 1200 сом. Кырсык болгон учурда айылдагы турак жай үчүн 500 миң сомго чейин, шаарда 1 млн сомго чейин төлөм каралган.
Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолун курууда Кыргызстанда 214 турак үй сүрдүрүлөт. Бул тууралуу транспорт министринин орун басары Алмаз Тургунбаев Жогорку Кеңештин комитет жыйынында билдирди. Анын айтымында, үйлөрдүн көбү — 191и Сузак районунда, калгандары Нарын облусунда жайгашкан. Мүлктү баалоо үчүн көз карандысыз компания тартылып, жыйынтыгын Баалоочулар ассоциациясы да туура деп тапкан. Маалыматтар компенсация төлөө үчүн Министрлер кабинетине жөнөтүлдү. Бирок айрым тургундар сунушталган компенсацияга нааразы. Алар мүлкү төмөн бааланды деп эсептешүүдө. Учурда Транспорт министрлиги Сузак районунда үй ээлери менен сүйлөшүүлөрдү улантууда.
Бишкек — Балыкчы багыты боюнча поезд 5-июндан тарта каттай баштайт. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасынан билдиришти. Маалымдалгандай, от араба Ысык-Көл жээгине чейин каттап, жайкы туристтик сезондо жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу сапарды камсыздайт. Каттам сентябрдын ортосуна чейин уланат. Каттамдын графиги 5-июндан 21-июнга чейин — жума, ишемби жана жекшемби күндөрү; 26-июндан 13-сентябрга чейин — күн сайын.
Жаңылыктар түрмөгү
0