https://sputnik.kg/20260520/1101436480.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Ош облусунун Ноокат районундагы Беш-Буркан көмүр кенин иштетүү иштери башталат. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди. Бул жерден жыл сайын 900 миң... 20.05.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-05-20T17:00+0600
2026-05-20T17:00+0600
2026-05-20T17:56+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/05/14/1101436314_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_0c9c368638bc8ecdcecf993bdea1abb3.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Ош облусунун Ноокат районундагы Беш-Буркан көмүр кенин иштетүү иштери башталат. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди. Бул жерден жыл сайын 900 миң тоннага чейин көмүр казып алуу пландалууда. Өткөн жылы даярдык иштеринин алкагында 5 миң тоннага жакын көмүр казылып алынган. Кендин жалпы запасы 42 миллион тоннадан ашат. Энергетика министрлигинин маалыматына ылайык, инвестор долбоорго буга чейин эле 25 миллион доллар инвестиция салган. Кендин ишке кириши Кыргызстандын түштүк аймагын көмүр менен туруктуу камсыздап, импортко болгон көз карандылыкты азайтат деп күтүлүүдө.
Чет өлкөлөрдө Кыргызстандын балмуздактарына болгон суроо-талап үч эсеге өстү. 2026-жылдын биринчи кварталында республика 655,3 тонна балмуздак экспорттогон (өткөн жылдын январь–март айларында — 219 тонна). Бул көлөмдүн баарын Казакстан (ЕАЭБ өлкөсү) сатып алган.
Жеке ишкер Р.Ч. ушул жылдын апрель айында акыйкатчы Жамиля Жаманбаевага кайрылып, кыйноого кабылганын, укугун коргоп берүүнү суранган. Бизнесмендин айтымында, февраль айында УКМК ага карата кылмыш ишин козгогон. Сурак учурунда комитеттин тогуз кызматкери аны сабап, натыйжада кабыргасы сынган. Ишкер Аскер прокуратурасына кайрылып, улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлерин жоопкерчиликке тартууну суранган. Бирок ден соолукка келтирилген зыян боюнча соттук-медициналык экспертизанын корутундусу жок болгондуктан, кылмыш ишин козгоодон баш тартышкан. Р.Ч. ошондой эле тергөө органдары тарабынан алынган жеке буюмдарын — паспортун жана унаасын кайтарып берүүгө жардам көрсөтүүнү өтүнгөн. Акыйкатчы институту мурда кабыл алынган чечимди кайра кароо өтүнүчү менен Башкы прокуратурага кайрылып, арыз ээси берген материалдарды жөнөткөн. Андан кийин Аскер прокуратурасы "Дене бойго зомбулук көрсөтүү менен кызматтан аша чабуу" беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду.
АКШ бийлиги президент Дональд Трампты, үй-бүлөсүн жана аларга таандык компанияларды салыктык дооматтардын жана текшерүүнүн бардык түрүнөн бошотту. Бул тууралуу документ менен таанышып чыккан РИА Новости билдирди. Өлкө башчысы декларациясы ачыкталып кеткени үчүн Салык кызматына доо коюп, анын негизинде кылмыш иши козголгон эле. Чечим ошол иштин алкагындагы макулдашуунун негизинде кабыл алынып, Трамп 10 миллиарддык доосунан баш тартты. "АКШ соттук териштирүүдөн жана ар кандай доомат коюу укугунан биротоло ажыратылды", — деп айтылат документте. Андан ары бийлик салыктык доомат коюлбай тургандар менен мүмкүн болчу каржылык мүнөздөгү дооматтардын тизмесин берген. Кеп негизинен "доочу (Трамп — ред.), аны менен байланышы барлар (үй-бүлө мүчөлөрү — ред.), ишенимдүү адамдары, ата-энеси, бир туугандары жана аларга тиешелүү компаниялар" тууралуу болууда. Ошол эле макулдашуунун алкагында АКШнын Юстиция министрлиги экс-президент Жо Байдендин администрациясынан ыдык көргөн тараптарга кенемте төлөп берүү үчүн бийлигинен кыянаттык менен пайдаланууга каршы күрөшүү фонд түзүлгөнү маалым болду.
Ош облусунун Ноокат районундагы Беш-Буркан көмүр кенин иштетүү иштери башталат. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди. Бул жерден жыл сайын 900 миң тоннага чейин көмүр казып алуу пландалууда. Өткөн жылы даярдык иштеринин алкагында 5 миң тоннага жакын көмүр казылып алынган. Кендин жалпы запасы 42 миллион тоннадан ашат. Энергетика министрлигинин маалыматына ылайык, инвестор долбоорго буга чейин эле 25 миллион доллар инвестиция салган. Кендин ишке кириши Кыргызстандын түштүк аймагын көмүр менен туруктуу камсыздап, импортко болгон көз карандылыкты азайтат деп күтүлүүдө.Чет өлкөлөрдө Кыргызстандын балмуздактарына болгон суроо-талап үч эсеге өстү. 2026-жылдын биринчи кварталында республика 655,3 тонна балмуздак экспорттогон (өткөн жылдын январь–март айларында — 219 тонна). Бул көлөмдүн баарын Казакстан (ЕАЭБ өлкөсү) сатып алган.Жеке ишкер Р.Ч. ушул жылдын апрель айында акыйкатчы Жамиля Жаманбаевага кайрылып, кыйноого кабылганын, укугун коргоп берүүнү суранган. Бизнесмендин айтымында, февраль айында УКМК ага карата кылмыш ишин козгогон. Сурак учурунда комитеттин тогуз кызматкери аны сабап, натыйжада кабыргасы сынган. Ишкер Аскер прокуратурасына кайрылып, улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлерин жоопкерчиликке тартууну суранган. Бирок ден соолукка келтирилген зыян боюнча соттук-медициналык экспертизанын корутундусу жок болгондуктан, кылмыш ишин козгоодон баш тартышкан. Р.Ч. ошондой эле тергөө органдары тарабынан алынган жеке буюмдарын — паспортун жана унаасын кайтарып берүүгө жардам көрсөтүүнү өтүнгөн. Акыйкатчы институту мурда кабыл алынган чечимди кайра кароо өтүнүчү менен Башкы прокуратурага кайрылып, арыз ээси берген материалдарды жөнөткөн. Андан кийин Аскер прокуратурасы "Дене бойго зомбулук көрсөтүү менен кызматтан аша чабуу" беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду.АКШ бийлиги президент Дональд Трампты, үй-бүлөсүн жана аларга таандык компанияларды салыктык дооматтардын жана текшерүүнүн бардык түрүнөн бошотту. Бул тууралуу документ менен таанышып чыккан РИА Новости билдирди. Өлкө башчысы декларациясы ачыкталып кеткени үчүн Салык кызматына доо коюп, анын негизинде кылмыш иши козголгон эле. Чечим ошол иштин алкагындагы макулдашуунун негизинде кабыл алынып, Трамп 10 миллиарддык доосунан баш тартты. "АКШ соттук териштирүүдөн жана ар кандай доомат коюу укугунан биротоло ажыратылды", — деп айтылат документте. Андан ары бийлик салыктык доомат коюлбай тургандар менен мүмкүн болчу каржылык мүнөздөгү дооматтардын тизмесин берген. Кеп негизинен "доочу (Трамп — ред.), аны менен байланышы барлар (үй-бүлө мүчөлөрү — ред.), ишенимдүү адамдары, ата-энеси, бир туугандары жана аларга тиешелүү компаниялар" тууралуу болууда. Ошол эле макулдашуунун алкагында АКШнын Юстиция министрлиги экс-президент Жо Байдендин администрациясынан ыдык көргөн тараптарга кенемте төлөп берүү үчүн бийлигинен кыянаттык менен пайдаланууга каршы күрөшүү фонд түзүлгөнү маалым болду.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/05/14/1101436314_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_9e17371f79e99ec1abe99880276877d9.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио