Пол жууп болсо да кол кабыш кылып кетчүмүн. Ысык-Көлдөгү ыктыярчылардын мээнети

© REUTERS / Vladimir PirogovКүндүзгү стационардын кире беришинде колун жууп жаткан дарыгер. Архив
Күндүзгү стационардын кире беришинде колун жууп жаткан дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Республикада  эпидемиологиялык оор акыбал Бишкектен кийин эле Ысык-Көл өрөөнүндө. Sputnik Кыргызстан агенттиги дубандагы абалга сереп салып, ыктыярчылардын иши туурасында айтып берүүнү туура көрдү.

Бүгүнкү оңой эмес кырдаалда ыктыярчылардын эмгеги ат көтөргүс болуп жатат. Муну өлкө жетекчилиги да моюндап, жакында эл президент Сооронбай Жээнбеков алар менен жолугуп, сунуштарын укту.

Негизги көңүл Бишкектеги ыктыярчыларга бурулуп турганы менен аймактарда да элге кызмат кылып жүргөндөр арбын. Бул ирет редакция Ысык-Көл облусундагы ыктыярчылар менен баарлашты.

Тоңдун ар бир айылында ыктыярчылар иштөөдө

Тоң районунун тургундары учурда коронавирус менен күрөшүүдө жалпылап, жапа тырмак иш алып барышууда. Райондун борборуна эки стационар ачылган. Учурда анын бирөө иштеп жатат. Тоңдун Бишкектеги жана чет жактагы улан-кыздары кичи мекенин медициналык жабдыктар менен камсыздап, жардам беришүүдө.

Ыктыярчы Эрмек Кыдыев Тоң районунун Бөкөнбаев айылынын тургуну. Элге кызмат кылалы деген ыктыярчы 32 жашта, үч баланын атасы. Беш-алты кишиден турган Райондук штаб түзүп, алар ыктыярчы катары бир катар иштерди жасашууда.

© Фото / из личного архива Эрмека КыдыеваЫктыярчы Эрмек Кыдыев
Пол жууп болсо да кол кабыш кылып кетчүмүн. Ысык-Көлдөгү ыктыярчылардын мээнети - Sputnik Кыргызстан
Ыктыярчы Эрмек Кыдыев
"Негизи Көлдө абал оорураак болуп турат. Биздин район боюнча Бөкөнбаев айылында жана Ак-Терек айыл өкмөтүндө ооругандар көп катталды. Бирок биз дагы жугуштуу вирус менен күрөшүүгө даярдык көрүп, учурда оору менен кармашып жатабыз. Бир жума мурда уккан маалыматым боюнча, райондук ооруканада 40тан ашык кычкылтек концентратору бар болчу. Бул аппараттарды Бишкекте жана чет мамлекетте иштеп жүргөн жердештерибиз алып берди. Ошондой эле башка айылдарга да демөөрчүлөр алып келип берип жатышканын угуп жатам. Мындан тышкары, керектүү дары-дармек, медициналык каражаттар менен да камсыздалып жатабыз", — деди ал.

Анын айтымында, бүгүн стационарга кайрылгандардын саны бир аз көбөйгөнү байкалган. Аймакта коронавирустан каза болгондор күнүнө катталууда. Ал эми райондун борборуна 20 жана 40 орундуу эки стационар ачылып, азыр 20 орундуусу иштеп жатат.

"Сактап кал" деп жалдыраган көздөр жүрөгүмдү тилип кетти. Ыктыярчылардын маеги

Учурда Тоң районунун ар бир айылында ыктыярчылар иштеп жатат. Бардыгы коргоочу кийим менен камсыздалып, санитардык гигиена толук сакталган.

"Ошондой эле айылга COVID менен күрөшүүгө арналган кутуча ачканбыз. Ага карыялардан баштап кичинекей балдарга чейин акча салышууда. Бүгүнкү күндө 700 миң сомдой акча чогулуптур. Буга райондук ооруканага медициналык жабуу алалы деп жатабыз", — деди ыктыярчы.

Тоң районунда да дарыгерлердин тең жарымы ооруп калышкан.

Жердештеримдин колдоосун көрүп жүрөк жылыды...

"Каракол ынтымагы" тобунун негиздөөчүлөрүнүн бири Бакыт Асаналиев учурда Караколдон чыккан улан-кыздар WhatsApp тармагында атайын топ түзүп,  демөөрчүлүк кылып жатышканын айтты.

© Фото / из личного архива Бакыта Асаналиева"Каракол ынтымагы" тобу
Пол жууп болсо да кол кабыш кылып кетчүмүн. Ысык-Көлдөгү ыктыярчылардын мээнети - Sputnik Кыргызстан
"Каракол ынтымагы" тобу

Топтун 250дөн ашык катталуучусу бар. Булар кичи мекенине колдон келген жардамын аябай, вирус менен күрөшүүдө материалдык колдоо көрсөтүүдө.

"Бахридин Шабазов болуп WhatsApp тайпасын түзүп, жердештерди четте карап турбай жардам берүүгө чакырганбыз. Баары туура кабыл алып, колдошту. Ар ким мүмкүнчүлүгүнө жараша жардам берүүдө. Акчадан тышкары унаасы менен медициналык жабдыктарды бекер жеткирип берүүнү сунуштагандардан баштап мейманканасын обсервацияга бергендер болду. Баары жардамга кол сунду. Муну көрүп кадимкидей жүрөгүм жылыды. Азыр Караколдо Бишкекке караганда абал жакшыраак. Биз Караколдогу ыктыярчы балдар менен да иштешип жатабыз. Учурда Америка, Россия өңдүү чет мамлекетте жүргөн жердештер ыктыярчыларга акча которуп, алар дары-дармек, кычкылтек концентратору өңдүү медициналык жабдыктарды алып, атайын мекеме ачып муктаждарга бекер берип жатышат. Үйүндө дарыланып жаткандарга атайын түзүлгөн мобилдик топтор кычкылтек концентраторун туташтырып берип жатышат. Ал эми дарылар врачтын көрсөтмөсү менен гана берилүүдө. Караколдогу ыктыярчы Азамат Асангулов барган дары-дармекти координациялап көзөмөлгө алууда",— деди ал.

Асаналиевдин айтымында, "Кумтөрдүн" тоо-кен өндүрүшү бөлүмүнүн А сменинде иштеген жигиттер да эки миң доллардан ашык акча чогултуп, шаарга төрт концентратор жана 35 миң сом акчалай жардам беришкен. Караколдогу ыктыярчы жигит Азамат Асангулов барган дары-дармектин баарын координациялап, көзөмөлгө алууда.

© Фото / Азамат АсангуловЫктыярчы Азамат Асангулов
Пол жууп болсо да кол кабыш кылып кетчүмүн. Ысык-Көлдөгү ыктыярчылардын мээнети - Sputnik Кыргызстан
Ыктыярчы Азамат Асангулов

"Демөөрчү болгондордун арасында миң сомдон баштап 50 миң сомго чейин которгондор болууда. Учурда чогулган акча 500 миң сомго жакындап калды. Эми буга керектүү дары-дармек, медициналык каражат сатып алып, элге бекер таратабыз. Андан соң бардык каражат кайда жумшалгандыгы тууралуу тактап жазып, топко отчёт беребиз", — деди демөөрчү.

Коркпой-үркпөй сындадык. Ыктыярчылар Жээнбековго эмне сунуштаганын айтышты

Бир адамдын жашап кетүүсүнө көмөкчү болсом кубанам

Каракол шаарындагы ыктыярчы Эсте Идирисова 41 жашта, үч баланын энеси ишкерлик менен алектенет.

© Фото / из личного архива Эсте ИдирисовойКаракол шаарындагы ыктыярчы Эсте Идирисова
Пол жууп болсо да кол кабыш кылып кетчүмүн. Ысык-Көлдөгү ыктыярчылардын мээнети - Sputnik Кыргызстан
Каракол шаарындагы ыктыярчы Эсте Идирисова

"Караколдо күндүзгү стационарлар ачылганы эпидемиологиялык кырдаал бир аз жеңилдеген. Ошентсе да абал жакшы эмес. Мен пандемия башталганда эле элге жардам берип баштагам. Алгач стационарларда пол жууп болсо да кол кабыш кылып кетчүмүн. Ошентип жүрүп медиктерден кычкылтек концентраторун туташтырганды, кан басымын ченеп, сатурацияны көтөргөндү үйрөнүп алдым. Азыр мобилдик топ түзүп, ошо менен элге жардам берүүдөбүз. Бизге ишенген демөөрчүлөр аппарат алып беришкен. Үйүндө дарыланып жаткан бейтаптардын сатурациясы төмөндөп кычкылтек жетишпей калганда барып, аппаратка туташтырып, абалы турукташуусуна көмөкчү болобуз. Кээде концентраторду түнгө калтырып кетүүгө туура келет. Андайда башка жактан жардам сурап чалгандар да болот. Ошол себептен дагы кычкылтек концентраторлору болсо жакшы болот эле", — деди Идирисова.

Ал пандемия маалында үч–төрт бейтаптын оорудан улам көз жумганына күбө болгон.

"Мен бирөөнүн жашап кетишине көмөкчү болсом кубанам. Мындан кадимкидей ырахат алам. Азыр Караколдо деле эл бири-бирине жардам берип абалдан чыгууга аракет жасашууда. Медиктерди тамак-аш менен камсыздаган ыктыярчылар тобу да бар. Аларга карапайым эл эле демөөрчү болот", — деди ыктыярчы.

Караколдо беш күндүзгү жана бир түнкү стационар ачылган.

Чолпон-Атада да абал оор...

Салтанат Нарынбаева Чолпон-Ата шаарында гуманитардык жардамдарды ооруканаларга жана стационарларга бөлүштүрүүгө жардам берет.

"Чолпон-Атада рентгенге түшүү маселе жаратууда. Себеби эки эле жерде рентген болуп, кезек күткөндөрдүн саны абдан көп болуп жатты. Эки күн мурда эле дагы бир рентген аппараты алып келинип, ишке берилди. Бирок дагы эле кезек күткөндөрдүн аягы үзүлө элек. Биздин шаарга көп эле гуманитардык жардам көрсөтүлүүдө. Аларды даректерине бөлүштүрүп берип жатабыз. Медиктер коргоочу формалар жетиштүү дешет. Ошентсе да дагы бир көйгөй — дарыгерлердин 60 пайызынын вирус жугузуп алып, ооруп калгандыгында болууда. Учурда шаар боюнча мобилдик топ түзгөн ыктыярчылар да иштеп, медиктерге кол кабыш кылып жатышат", — деди ал.

Чолпон-Атада күнү-түнү иштей турган эки стационар жана бир күндүзгү стационар пайдаланууга берилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0