БИШКЕК, 2-май — Sputnik. АКШнын президенти Дональд Трамп АКШга Европада жасалып жана ташылып барган автоунааларга бажы алымын 25 пайызга көбөйтө турганын жар салды.
Бул шарттын автокөлүктүн жеңилдерине да, жүк ташуучу түрлөрүнө да колдонула турганын айтууда. Ак үйдүн кожоюну Европа биримдиги АКШ менен түзүлгөн соода келишимдерин сактабай жаткандыктан мындай кадам таштадым деген жүйөсүн келтирген.
Америка президенти Европанын компаниялары автоунааны АКШнын аймагында жасаса, андан бажы салыгы алынбастыгын кошумчалаган.