БИШКЕК, 1-май. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров 11-майдан тарта мамлекеттик кызматтардын облустагы өкүлдөрү, анын ыйгарым өкүлдөрү баштаган аткаминерлер ар бир айыл өкмөттү кыдырып, эл менен жолугуп, көйгөйлүү маселелерин карай турганын айтты.
Бул туурасында мамлекет башчы социалдык тармакка жарыялаган постунда кеңири түшүндүрүп берген. Анын элге кайрылуусун толугу менен жарыялайбыз.
"Урматтуу кыргызстандыктар! Үстүбүздөгү жылдын 11-майынан тартып облустук деңгээлдеги жетекчилер ар бир айыл өкмөттө жергиликтүү калк менен жолугушууларды өткөрө баштайт.
Жолугушуулардын графиги шилтемеде берилет.
Жалпыга маалым болгондой, жакында эле Ош облусуна иш сапар менен барып, шаардын жана облустун жети районунун тургундары менен жолугуп келдим. Эл менен жолугушууларда байкаганымдай, көтөрүлгөн маселелердин 80 пайызы райондук жана облустук деңгээлде чечиле турган маселелер болуп чыкты. Калган 20 пайызы гана мектеп, таза суу, стратегиялык маанидеги жолдорду салуу сыяктуу республикалык бюджеттин колдоосун талап кылган суроолор болду.
Көпчүлүк маселелер жергиликтүү деңгээлде эле чечиле тургандыгы аныкталды. Аларга социалдык жардам көрсөтүү, үй куруу үчүн жер тилкесин берүү, документтерди калыбына келтирүү, мүлккө болгон укуктарды коргоо, "айыл өкмөт, аким, мэр укпай койду", "адилетсиз камап койду" сыяктуу даттануулар кирет. Бул маселелер негизинен айыл өкмөттөр, район акимдери же облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөр — губернаторлор тарабынан чечилиши керек.
Ушуга байланыштуу менин тапшырмам менен облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөр баш болуп, облустук деңгээлдеги прокуратуранын, ички иштер органдарынын, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү жана башка мекемелердин жетекчилери бекитилген графикке ылайык ар бир айыл өкмөттү кыдырып, жеринде жолугушууларды өткөрүп, жарандардын көйгөйлүү маселелерин карашат.
Май-июнь айларында өткөрүлө турган ар бир жолугушуу УТРК жана ЭлТРдин облустук эфирлеринде, ошондой эле социалдык тармактардагы баракчаларында түз эфирде көрсөтүлөт. Түз эфирлерди мүмкүнчүлүккө жараша өзүм да көзөмөлдөп турам.
Октябрь-ноябрь айларында ушул эле форматтагы жолугушуулар кайрадан уюштурулат. Анда май-июнь айларында көтөрүлгөн маселелердин чечилген-чечилбегени текшерилет.
Ушул жерден жергиликтүү жетекчилерге кайрылам. Ош облусуна болгон сапарымда көтөрүлгөн маселелердин басымдуу бөлүгүн сиздердин деңгээлде эле чечүүгө болорун көрдүм. Албетте, айрым маселелер узак убакыттан бери чечилбей келе жаткан болушу мүмкүн. Эгер маселе талаштуу болсо тараптарды угуп, кеңешип, калыс жана адилет чечим кабыл алыңыздар.
Бирок шылтоо таап, маселени борборго жүктөй берүү аракетине жол берилбейт. Эгер жазында айтылган көйгөйлөр күзгө чейин чечилбей калса тиешелүү жетекчилер жоопкерчиликке тартылат.
Биз силерди бул кызматтарга элге ак кызмат кылып, аймакты өнүктүрө алат деген ишеним менен дайындаганбыз. Эгер бул ишеним акталбаса жана өнүгүүгө жетиштүү аракет болбосо, тиешелүү чаралар көрүлөт. Бул — менин да, элдин да жана учурдун талабы.
Ошондуктан жолугушууларда айтылган көйгөйлөргө кайдыгер мамиле кылбастан, аларды ыкчам чечүүнү талап кылам. Жоопкерчиликтен качпагыла. Баарыңыздар, айыл өкмөт башчыларынан тартып, акимдер, облустук жетекчилер жана министрликтердин жергиликтүү өкүлдөрү, элге кызмат кылуу үчүн келгениңиздерди унутпаңыздар.
Күздөгү жолугушууларда май-июнь айларында айтылган көйгөйлөрдүн эмне себептен чечилбей калгандыгы да талданат. Эгер маселе жергиликтүү деңгээлде чечилбесе, анда тиешелүү тартипте президенттин администрациясына же министрлер кабинетине жөнөтүлүшү керек.
Дагы бир жолу баса белгилейм, чечилбеген маселе болбошу керек. Маселелерди жеринде чечкиле. Сиздерден конкреттүү жыйынтык күтөбүз.
Урматтуу мекендештер! Сиздер да бекитилген график менен таанышып, өз айылыңыздардагы жолугушуунун качан жана кайсы жерде өтөрүн билип, активдүү катышыңыздар. Көйгөйлүү маселелериңиздерди ачык айтып, керектүү документтерди өзүңүздөр менен ала барыңыздар.
Жолугушуулар түз эфирде көрсөтүлөрүн эске алып, тартипти сактап, маданияттуу болууга чакырабыз".