Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Трамп Украина согушта жеңилгенин билдирди

Sputnik
БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп Украина согушта жеңилгенин билдирди. Бул туурасында РИА Новости жазды.
Журналисттер Ак үйдүн кожоюнунан Украина менен Ирандагы жаңжалдын кайсынысы тезирээк аяктай турганын сурашкан.
"Билбейм, бир учурда жыйынтыкталышы ыктымал. Менимче, Украина утулуп калды", — деген ал.
Трамп бул сөздөрүнөн кийин дароо эле статистикалык маалыматтарды келтирип, сөзүнөн Иранды ишарат кылганын аңдоого болот.
"Флотуна көз чаптырып көргүлө. Учурда 159 кемеси болсо, бардыгы суунун түбүндө жатат", — деп кошумчалады Ак үйдүн башчысы.
Буга чейин шаршемби күнү РФ лидери Владимир Путин менен Трамп телефон аркылуу сүйлөшүп, анда Россиянын президенти Жеңиш күнүнө карата ок атышууну токтотууга даяр экенин билдирген. Ошондой эле Трампка россиялык аскерлер Украина армиясын ээлеп турган жерлеринен сүрүп чыгып бара жатканын айткан. Ал атайын операцияда коюлган максатына өлкө кандай болбосун жетерин баса белгилеген.
Кремлдин өкүлү Дмитрий Песков кармаштагы утулуу Украинаны кепке келүүгө түртүшү керектигин айткан. Мындан сырткары, Россиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Василий Небензя украин аскерлеринин катары суюлуп, согушка жөндөмдүүлүгү төмөндөп бара жатканын билдирген.
Буга чейин Путин India Today басылмасына берген интервьюсунда Киев көзөмөлдөп турган аймактарды курал менен бошотушарын же украин армиясы кишилерди өлтүрүүнү токтотуп, ал жерди калтырып чыгып кете турганын айткан.
Зеленский АКШ Ирандан улам Украинага көңүл бурбай жатат деп түпөйүл