https://sputnik.kg/20260418/aksh-irandan-ulam-ukrainaga-konul-burbaj-zhatat-1100856395.html
Зеленский АКШ Ирандан улам Украинага көңүл бурбай жатат деп түпөйүл
Зеленский АКШ Ирандан улам Украинага көңүл бурбай жатат деп түпөйүл
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Владимир Зеленский Ирандагы согуштан улам АКШ Украинаны көз жаздымында калтырып жатканына катуу тынчсызданып жатканын жазды. Бул... 18.04.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-04-18T19:26+0600
2026-04-18T19:26+0600
2026-04-18T19:26+0600
дүйнөдө
украина
акш
россия
атайын операция
согуш
тынчтык
курал-жарак
https://sputnik.kg/img/07ea/04/12/1100856208_0:0:2052:1154_1920x0_80_0_0_79addbd94b672cc0940d261847278132.jpg
БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Владимир Зеленский Ирандагы согуштан улам АКШ Украинаны көз жаздымында калтырып жатканына катуу тынчсызданып жатканын жазды. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады. Зеленский мындан улам Киевге курал-жарак, өзгөчө абадан коргонуу каражаттары жетпей калышы ыктымал экенин белгилеген. Ал буга чейин да ZDF телеканалына маек куруп, АКШ менен Ирандын кагылышуусу тынчтык орнотуу аракеттерине жана Украинага курал жеткирүүгө тоскоол болуп, Вашингтондун Киевге "убактысы калбай калганына" токтолуп нааразы болгон. Зеленскийдин айтымында, АКШга караганда Украинага Германия көбүрөөк жардам берүүдө. Москва Украинаны курал-жарак менен камсыздоо абалды жөнгө салууга тоскоол болуп, НАТО мамлекеттерин жаңжалга түз аралаштырып жатканын эскертип келет. РФ ТИМинин башчысы Сергей Лавров Киевге деп курал-жарак менен ок-дары ташыган жүктүн баары россиялык армиянын мыйзамдуу бутасына айланарын билдирген болчу.
https://sputnik.kg/20260417/tramp-ukraina-sogush-ayagyna-chyguu-1100832700.html
украина
акш
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/04/12/1100856208_0:0:2052:1540_1920x0_80_0_0_4d6d76ad36dde8ba947240364c6e6f65.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, украина, акш, россия, атайын операция, согуш, тынчтык, курал-жарак
дүйнөдө, украина, акш, россия, атайын операция, согуш, тынчтык, курал-жарак
БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Владимир Зеленский Ирандагы согуштан улам АКШ Украинаны көз жаздымында калтырып жатканына катуу тынчсызданып жатканын жазды. Бул тууралуу
РИА Новости кабарлады.
"Иран согушу Россия менен Украинанын тирешинен улам Европадагы кырдаалга терс таасирин тийгизип жатат. АКШ Россияга жасаган кысымын жумшартып коюшу мүмкүн", — деди киев режиминин жетекчиси.
Зеленский мындан улам Киевге курал-жарак, өзгөчө абадан коргонуу каражаттары жетпей калышы ыктымал экенин белгилеген.
Ал буга чейин да ZDF телеканалына маек куруп, АКШ менен Ирандын кагылышуусу тынчтык орнотуу аракеттерине жана Украинага курал жеткирүүгө тоскоол болуп, Вашингтондун Киевге "убактысы калбай калганына" токтолуп нааразы болгон. Зеленскийдин айтымында, АКШга караганда Украинага Германия көбүрөөк жардам берүүдө.
Москва Украинаны курал-жарак менен камсыздоо абалды жөнгө салууга тоскоол болуп, НАТО мамлекеттерин жаңжалга түз аралаштырып жатканын эскертип келет. РФ ТИМинин башчысы Сергей Лавров Киевге деп курал-жарак менен ок-дары ташыган жүктүн баары россиялык армиянын мыйзамдуу бутасына айланарын билдирген болчу.