https://sputnik.kg/20260430/tramp-ukraina-sogushta-zhenilgenin-bildirdi-1101058362.html
Трамп Украина согушта жеңилгенин билдирди
Трамп Украина согушта жеңилгенин билдирди
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп Украина согушта жеңилгенин билдирди. Бул туурасында РИА Новости жазды. 30.04.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-04-30T09:51+0600
2026-04-30T09:51+0600
2026-04-30T09:56+0600
россиянын донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
дүйнөдө
акш
россия
украина
иран
согуш
жеңилүү
дональд трамп
https://sputnik.kg/img/07e9/0b/0f/1097872095_0:0:3072:1728_1920x0_80_0_0_7b47553632c16d473a71249d34b982fd.jpg
БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп Украина согушта жеңилгенин билдирди. Бул туурасында РИА Новости жазды. Журналисттер Ак үйдүн кожоюнунан Украина менен Ирандагы жаңжалдын кайсынысы тезирээк аяктай турганын сурашкан. Трамп бул сөздөрүнөн кийин дароо эле статистикалык маалыматтарды келтирип, сөзүнөн Иранды ишарат кылганын аңдоого болот. "Флотуна көз чаптырып көргүлө. Учурда 159 кемеси болсо, бардыгы суунун түбүндө жатат", — деп кошумчалады Ак үйдүн башчысы. Буга чейин шаршемби күнү РФ лидери Владимир Путин менен Трамп телефон аркылуу сүйлөшүп, анда Россиянын президенти Жеңиш күнүнө карата ок атышууну токтотууга даяр экенин билдирген. Ошондой эле Трампка россиялык аскерлер Украина армиясын ээлеп турган жерлеринен сүрүп чыгып бара жатканын айткан. Ал атайын операцияда коюлган максатына өлкө кандай болбосун жетерин баса белгилеген. Кремлдин өкүлү Дмитрий Песков кармаштагы утулуу Украинаны кепке келүүгө түртүшү керектигин айткан. Мындан сырткары, Россиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Василий Небензя украин аскерлеринин катары суюлуп, согушка жөндөмдүүлүгү төмөндөп бара жатканын билдирген. Буга чейин Путин India Today басылмасына берген интервьюсунда Киев көзөмөлдөп турган аймактарды курал менен бошотушарын же украин армиясы кишилерди өлтүрүүнү токтотуп, ал жерди калтырып чыгып кете турганын айткан.
https://sputnik.kg/20260418/aksh-irandan-ulam-ukrainaga-konul-burbaj-zhatat-1100856395.html
акш
украина
иран
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/0b/0f/1097872095_171:0:2902:2048_1920x0_80_0_0_ea38de0884a0049064376201ba3b87ad.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, акш, россия, украина, иран, согуш, жеңилүү, дональд трамп
дүйнөдө, акш, россия, украина, иран, согуш, жеңилүү, дональд трамп
БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп Украина согушта жеңилгенин билдирди. Бул туурасында
РИА Новости жазды.
Журналисттер Ак үйдүн кожоюнунан Украина менен Ирандагы жаңжалдын кайсынысы тезирээк аяктай турганын сурашкан.
"Билбейм, бир учурда жыйынтыкталышы ыктымал. Менимче, Украина утулуп калды", — деген ал.
Трамп бул сөздөрүнөн кийин дароо эле статистикалык маалыматтарды келтирип, сөзүнөн Иранды ишарат кылганын аңдоого болот.
"Флотуна көз чаптырып көргүлө. Учурда 159 кемеси болсо, бардыгы суунун түбүндө жатат", — деп кошумчалады Ак үйдүн башчысы.
Буга чейин шаршемби күнү РФ лидери Владимир Путин менен Трамп телефон аркылуу сүйлөшүп, анда Россиянын президенти Жеңиш күнүнө карата ок атышууну токтотууга даяр экенин
билдирген. Ошондой эле Трампка россиялык аскерлер Украина армиясын ээлеп турган жерлеринен сүрүп чыгып бара жатканын айткан. Ал атайын операцияда коюлган максатына өлкө кандай болбосун жетерин баса белгилеген.
Кремлдин өкүлү Дмитрий Песков кармаштагы утулуу Украинаны кепке келүүгө түртүшү керектигин айткан. Мындан сырткары, Россиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Василий Небензя украин аскерлеринин катары суюлуп, согушка жөндөмдүүлүгү төмөндөп бара жатканын билдирген.
Буга чейин Путин India Today басылмасына берген интервьюсунда Киев көзөмөлдөп турган аймактарды курал менен бошотушарын же украин армиясы кишилерди өлтүрүүнү токтотуп, ал жерди калтырып чыгып кете турганын айткан.