Орунбеков Кыргызстанда кимдердин айлыгы көбөйгөнүн айтты

Sputnik
БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Кыргызстанда 1-апрелден тарта мугалим, дарыгер, маданият жана спорт тармагындагылар менен катар, мамлекеттик ЖМК өкүлдөрүнүн айлыгы көбөйдү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков билдирди.
Анын айтымында, бул кесиптердин ээлери кеминде 40 миң сом, алды 100 миң сомдон ашык ала баштады.
Дене тарбия жана спорт кызматкерлеринин айлык акысы жогорулатылды