БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Африка мамлекеттери менен кызматташтыкты кеңейтип жатканынын себептерин түшүндүрдү.
Анын айтымында, Фор Эссозимна Гнассингбенин сапары Кыргызстан менен Того ортосундагы кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгарып, өлкөнүн Африка багытындагы тышкы саясатынын жаңы этабын баштайт.
"Африка — дүйнөдөгү эң ылдам өнүгүп жаткан региондордун бири. Ал эми Того — өз аймагында маанилүү ролду ойногон, маданий мурасы бай мамлекет. Биз бул перспективдүү регион менен туруктуу жана конструктивдүү саясий диалогду өнүктүрүүгө кызыкдарбыз", — деди Жапаров.
Ал ошондой эле Того Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук кеңешинин 2027–2028-жылдарга туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкерлигин колдогонун белгиледи.
Президенттин маалымат кызматы билдиргендей, сапардын алкагында билим берүү, айыл чарба, саламаттык сактоо, инвестицияларды коргоо, санариптик өнүгүү жана маалымат технологиялары тармактарында бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду. https://sputnik.kg/20260429/kelishimderge-kol-koyuldu-1101045836.html