Камчыбек Ташиевге эки берене боюнча айып тагылганы айтылды

Sputnik
БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. УКМКнын экс-төгарасы Камчыбек Ташиевге эки берене боюнча айып тагылганын жактоочусу Икрамидин Айткулов билдирди.
Анын айтымында, биринчиси — бийликти күч менен басып алууга даярдануу, экинчиси — кызматынан кыянаттык менен пайдалануу.
Анткен менен адвокат Ташиев айыптоолорго макул эмес экенин белгиледи. Тергөө УКМКнын мурдагы төрагасын эч жакка чыкпоо тил каты менен үй камагына чыгарган.
Ал эми Курманкул Зулушев менен Нурлан Тургунбек уулу да суралууда, бирок алардын макамы азырынча белгисиз.
Үчөөнүн кечээ да суракка алынганы айтылган. Бүгүн Ташиев өзүнө карата иш козголгонун билдирип, кайрылуу жасаган. Анда УКМКнын мурунку төрагасы күнөөсү жок экенин, акталып чыгарын белгилеп, элди кандайдыр бир мыйзамсыз аракеттерден оолак болууга чакырды.
Камчыбек Ташиев ага иш козголгонун айтып, кайрылуу жасады