БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. 29-апрелден 5-майга чейин Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолу күн сайын саат 09:00дөн 16:00гө чейин маал-маалы менен жабылып турат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, жолдун 54-чакырымында жайгашкан жөө өтмөктү демонтаждоо иштери жүргүзүлөт. Ушуга байланыштуу коопсуздукту камсыз кылуу максатында унаалардын кыймылы убактылуу чектелет.
Жол жабылган учурда айдоочулар үчүн айланма жол уюштурулары айтылды. Министрлик жарандарды жана айдоочуларды сапарга чыгар алдында маршруттарын алдын ала пландап алууга чакырат.