Бишкекте 6-кабаттан энеси менен кулаган бөбөк бейтапканадан чыгарылды

Sputnik
БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Бишкекте 6-кабаттан энеси менен кулаган бөбөк ооруканадан чыгарылды. Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, кыздын абалы канааттандырарлык.
Каргаша 4-апрель күнү кечинде болгон. 27 жаштагы келин бир жана төрт жаштагы эки баласы менен терезеден кулап кеткени кабарланган. Окуянын кесепетинен эне бир жашар ымыркайы менен набыт болгон.
Төрт жашар кыз ооруканага өтө оор абалда түшкөн. Анын мээси жабыркап, астыңкы жаагы менен оң жак ийин сөөгү сынып кеткен, өпкө жана ички органдары жабыркаган, ошондой эле ооз көңдөйүнөн дагы жаракат алган. Бөбөк дээрлик бир жумадан кийин, 10-апрелде, эсине келген.
Милиция окуяга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 128-беренеси ("Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү") менен иш козгоп, маркумдун 34 жаштагы М.А. аттуу күйөөсү убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Балдардын медициналык камсыздандыруусу 18 жашка чейин узартылды