Күн күркүрөп, өткүн өтөт. Бир жумага карата аба ырайынын божомолу

Sputnik
БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Кыргзгидромет бир аптага карата, тагыраагы, 27-апрелден 3-майга чейинки аба ырайынын божомолун таратты.
Ага ылайык, өлкөдө аба ырайы туруксуз болуп, айрым аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөшү жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бийик тоолуу жолдор тайгак болуп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Чүй, Талас облустары

27-апрелде күндүз айрым жерлерде өткүн өтөт. 28-апрелде кээ бир аймактарда жаан жаап, андан кийин 29-30-апрелде жана 1-2-майда күн ачык болот. 2-3-майда кайрадан өткүн өтүшү күтүлөт.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары

27-28-апрелде айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. 29-30-апрелде көбүнчө жаан-чачын болбойт. 30-апрелдин күндүзү жана 1-майда тоо этектеринде өткүн өтүшү ыктымал. 2-3-майда кайрадан туруксуз аба ырайы күтүлөт.

Ысык-Көл, Нарын облустары

27-28-апрелде көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. 29-апрелден 2-майга чейин жаан-чачын азаят. 2-3-май күндөрү айрым жерлерде кайрадан жаан жаап, тоолуу райондордо кар түшүшү мүмкүн.
Жалал-Абад облусунда чегиртке 7,3 миң гектар аянтка жайылды