Вашингтондо Трамп катышкан иш-чарада ок атылып, өлкө башчы эвакуацияланды. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Вашингтондо президент Дональд Трамптын Ак үйдүн кабарчылары менен сый тамактагы жолугушуусунда ок атылды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Өлкө башчы иш-чара өтүп жаткан Washington Hilton мейманканасынан шашылыш эвакуацияланган. Ок атууга шектелип Калифорния штатынын 31 жаштагы тургуну Коул Томас Аллан кармалды. Полициянын маалыматына ылайык, ал жалгыз болгон, мындай кадамга барган себеби азырынча белгисиз. Жарадар болгон шектүү ооруканага жеткирилген.
Биз аздан кийин Трамп Ак үйдөн журналисттер менен баарлашты. Президент бутага өзү алынышы мүмкүн экенин боолголоп, деген менен окуя Ирандагы аскердик операция менен байланыштуу деген пикирди четке какты.
Трамптын кылык-жоругунан АКШ көп зыян тартууда