БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Эми тергөөдөгү тинтүү жана далил буюмдарды алуу аракеттерин үзгүлтүксүз видеого тартуу менен жүргүзүлүшү мүмкүн. Жогорку Кеңештин депутаты Темирлан Айтиев сунуштаган мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.
Долбоордун максаты — тергөө процессин ачык кылуу, адам укуктарынын сакталышын жакшыртуу жана далилдердин бурмаланышына жол бербөө.
Документте белгиленгендей, учурдагы практикада сүрөт же эпизоддук видеофиксация толук көзөмөлдү камсыздай албай, талаштуу кырдаалдарга алып келиши мүмкүн. Ошондуктан жаңы норма боюнча тинтүү процесси башынан аягына чейин үзгүлтүксүз видеого тартылат. Бул далилдердин ишенимдүүлүгүн жогорулатууга жана сот органдарына баа берүүдө жардам берүүгө багытталган.