Ибраев: электр энергиянын кымбатташы инвестицияны жандандырды

Sputnik
БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Электр энергиянын тарифтеринин жогорулашы Кыргызстандагы энергетика тармагына инвесторлордун кызыгуусун арттырды. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев “Биринчи радиого" берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, мурда электр энергиясынын баасы төмөн болгондуктан инвесторлор чакан ГЭСтерди курууга кызыкдар болгон эмес. Себеби инвестициянын кайтарымы өтө узак мөөнөттү талап кылган.
Министр ошондой эле тарифтердин акырындык менен көтөрүлүшүн калк да колдогонун белгиледи.
“Эгер инвестициянын кайтарымы 50 жыл болсо, инвесторлор акча салбайт”, — деди ал.
Азыр энергетика тармагына дүйнөлүк ири каржы институттарынын, анын ичинде Дүйнөлүк банк жана Ислам өнүктүрүү банкынын кызыгуусу артып жатканы кошумчаланды.
Орто мөөнөттүү тариф саясатына ылайык, Кыргызстанда электр энергиясынын баасы жыл сайын акырындык менен өсүп жатат. 2030-жылга чейин тарифтерди өндүрүштүк өздүк нарк деңгээлине жеткирүү пландалууда.
Таласта "Альянс гидро" кичи ГЭСинин курулушу башталды. Видео