Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Sputnik
Кыргызстанда чет элдик студенттердин санын көбөйтүү пландалууда. Министрлер кабинети иштеп чыккан 2030-жылга чейин жогорку кесиптик билим берүүнү өнүктүрүү стратегиясынын долбоору коомдук талкууга коюлду. Негизги максаттары: иш берүүчүлөрдүн 90 пыйызы бүтүрүүчүлөрдүн даярдыгына канааттанышы керек; чет элдик студенттердин санын 80 миңге жеткирүү; англис тилинде окуткан жана кош дипломдуу билим берүү программаларынын үлүшү 25 пайызга жетиши керек; ЖОЖдордун бюджеттен тышкаркы кирешесинин үлүшү 40-100 пайызды түзүшү зарыл. Статкомдун билдирүүсүндө, 2024-2025-окуу жылында 50 миңге чукул чет элдик студент катталган.
Өлкөдөгү жеке мектептердеги окуу акысына коюлган баа текшерилет. Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы Агартуу министрлиги менен Бишкек мэриясына жеке мектептердеги баалар эмнеге кымбат экенин кароону сунуштады. Аталган кызмат 45 менчик мектепти текшерип, билим алуунун наркы жылына 40 миңден 150 миң сомго чейин экенин, бирок айрым учурларда 570 миңден 1,3 миллион сомго чейин жетерин аныктаган. Маалыматта мындай баа жарандарды түйшөлтүп жатканы белгиленген. Мекеме аны ЖОЖдогу баалар менен салыштырган. Окуу акысы университеттерде 107 миңден 152 миң сомго жетсе, алдыңкы мектептерде 313 миңден 580 миң сомго чейин барган. Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы мындан улам акысы 200 миң сомдон жогору коюлгандардын чыгымын текшерүүнү өтүнгөн. Ошондой эле мектептерди акыны ачык жарыялоого милдеттендирүү керектиги кошумчаланган.
Ысык-Көл облустук милициясы Дубайга сойкулукка сатылган 14 жашар өспүрүмдүн окуясы 2025-жылы октябрда Балыкчы шаарында эки окуучу кыздын мушташынан кийин аныкталганын билдирди. Алардын урушу териштирилип жатканда кыздардын бири 2024-жылы июнда атасынын 24 жаштагы карындашы Ж.Р. менен Дубайга барганы маалым болгон. Ал жерден эжеси шарт түзүп, Б.М. аттуу жаран тарабынан 14 жаштагы кызга карата бир нече ирет жыныстык мүнөздөгү аракеттер жасалган. "2025-жылдын 7-октябрында жүргүзүлгөн соттук-медициналык экспертиза өспүрүмдүн денесине зыян келгенин тастыктаган. Натыйжада Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренесинин ("Сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү") 2-бөлүгү (балдарды пайдалануу) менен иш козголуп, Ж.Р. шектүү катары убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Анын аракеттеринде кылмыштын уланма мүнөзү да бар экени аныкталды", — деп айтылат маалыматта. Б.М. кылмышты жашыруу максатында кызга уюлдук телефон, ноутбук жана зер буюмдарды белек кылып, таасир этүүгө аракет кылганы белгилүү болгон. 29-декабрда тергөө аяктап, иш облустук прокуратурага жиберилген. Прокуратура тарабынан айыптоо актысы бекитилип, сотко жөнөтүлгөн.
Жакынкы Чыгыштагы тирешүү күчөй берсе Иран жеңип кетет. Бул туурасында Чикаго университетинин профессору Жон Миршаймер айтканын РИА Новости жазды. "Трамп муну болушунча эртерээк бүтүрүшү керек. Себеби, жеңип ала тургандай согуштук стратегиясы жок. Эгерде кырдаал оңдолбой, улам ырбап кете берсе, америкалыктар эмес ирандыктар жеңет. Андан ары маселени күч менен чечүүгө болбой калат", — деген ал. Эксперт дүйнөлүк экономика "урай турган кооптуулукка кептелип" турганын белгилеген. Тирешүү улана берсе бул дагы бир оңдурбагандай сокку болорун кошумчалаган. Кечээ кечинде АКШ Иран менен түзүлгөн ок атышууну токтотуу келишиминин мөөнөтү узартылганын жарыялады. Бул ирет ал расмий чектелген жок.