Бишкекте үч эм операция жолу менен аман-эсен жарыкка келди. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Бишкекте дарыгерлер кош бойлуу аялдын ден соолугуна кооптуулук жаралганынан улам тыкыр көзөмөлгө алып отуруп, анын натыйжасында бүгүн үч ымыркай аман-эсен жарыкка келди. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда дарыгерлер 35 жаштагы келинге операция жасап, төрөтүп алышты. Аны 31-жумасында (боюнда болгон мөөнөт) олуттуу коркунучтар менен алып келишкен. Ак халатчандар бир айга чукул дыкат карап, көзөмөлдөп турушкан.
Министрликтен бөбөктөр бир мүнөт аралык менен (биринчиси саат 11:46да, экинчиси 11:47де, кенжеси 11:48де) жарык дүйнөгө келгенин айтышты. Эненин да, ымыркайлардын да абалы жакшы, медиктердин көзөмөлүндө экенин кошумчалашты.
Бекешев Кыргызстанда төрөттү көбөйтүүнүн жолун сунуштады