Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Путин: Украина менен чектешкен жерде коопсуздук аймагы түзүлүүдө

Sputnik
БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Украина менен болгон чек арада акырындап коопсуздук зонасы түзүлүүдө. Бул тууралуу Россия президенти Владимир Путин билдирди.
Өлкө башчысы бүгүн муниципалдык түзүлүштөрдүн жетекчилери менен жыйын курганын РИА Новости кабарлады.
"Биз кеп кылып жаткан коопсуздук аймагы чектешкен зонада түзүлүп жатат. Чек арадагы региондорубузга коркунуч жараткан жагдайларды жоймоюнча мындан ары да ушул таризде аракет кыла бермекчибиз", — деди президент.
Путин чек ара аймагында, өзгөчө Курск облусунда абал оңой эмес экенин белгилеп, атайын аскердик операция акыры максатына жетерин кошумчалады.
Евродепутат: Евробиримдиктин Украинага берчү насыясы — көз боёмочулук