Оштун мейманканасындагы дискриминациялык жазуу. Милиция териштирүү баштады

Sputnik
БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Ош шаарындагы мейманканалардын биринде антисемиттик маанидеги жазуу аныкталган, укук коргоо органдары териштирүү баштады.
"Күбөлөр суралып, экспертиза дайындалды", — дешти шаардык милициядан.
Израилдин Казакстан менен Кыргызстандагы элчилиги реакция жасап, мындай аракеттер адамдын кадыр-баркын тебелеп, теңдик принциптерин бузарына көңүл бурду.
"Мындай жосун кабыл алынгыс болуп эсептелип, теңдик принциптерине каршы келет. Этникалык тиешелүүлүгү, туткан дини боюнча дискриминациянын бардык түрүнө баа берилиши керек", — деп айтылат элчиликтин билдирүүсүндө.
Зеленскийдин Рождестводогу билдирүүсү Батышта сынга кабылды