Кара-Сууда үч айыл башчы кырсыктап каза болгон жердин видеосу

Sputnik
БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Ош облусунун Кара-Суу районунда үч айыл башчы жана дагы бир кызматкер каза болгон окуянын видеосу тарады.
Окуя 20-апрелде саат 13:50лөр чамасында болгон. Ынтымак айыл аймагынан Кызыл-Суу кыштагына бараткан жолдо Ак-Терек айылынын 68 жаштагы башчысы өзүнүн Hyundai Accent автоунаасы менен жолдун жээгиндеги дарыяга түшүп кеткен.
Мунун кесепетинен унаанын ичиндегилердин баары каза тапкан. Айдоочудан сырткары, Жаңы-Арык айылынын 64 жаштагы жетекчиси, Таш-Арык айылынын 50 жаштагы башчысы жана аскердик эсепке алуу жана чакыруу боюнча 49 жаштагы жооптуу адис болгон. Алар куран окутууга баратканда кырсыктаган.
Токмокко жакын жерде үрөй учурган жол кырсыктан үч адам жабыркады. Видео