БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Бишкек мэриясы суунун тарифин көтөрүүнү сунуштап, шаардык кеңешке тийиштүү долбоорду кароого жөнөттү.
Ага ылайык, 1 куб метр суу 15,73 сом, ал эми канализация 6,80 сом болот. Мындан тышкары, сууну көп пайдаланган ишканалар үчүн жогорулатылган коэффициенттер киргизилет.
Учурда тариф эсептегич менен 1 куб метр суу үчүн 10,45 сомду, канализация үч сомду түзөт. Ал эми эсептегичи жок үйлөрдө бир адамга айына 111 сомдон алынат.
Мындай чечим чыгымдардын өсүшү жана инфраструктуранын эскиришине байланыштуу кабыл алынып жатканы айтылды.