БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун сегиз катышуучусу бар. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.
Маалыматта алардын төртөө Бишкекте, экөө Чүй облусунда, ал эми Жалал-Абад жана Нарын облустарында бирден ардагер жашай турганы айтылат.
Бул ардагерлерден сырткары Ленинград блокадасынан аман калган он адам жана концлагердин алты туткуну бар.
Алардын баарына президенттик фонддон 200 миң сомдон берилет.