Садыр Жапаров Ысык-Көлдө тор жайгандарга кайрылды

Sputnik
БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров элди синтетикалык торлорду өкмөткө тапшырып берүүгө чакырды.
Мамлекет башчысы социалдык тармактагы баракчасына соңку беш жылдан бери Ысык-Көлдү синтетикалык торлордон тазалап бүтө албай жатышканын жазды. Ал ИИМ, ӨКМ, Жаратылыш министрлигинин кызматкерлери жайы-кышы дебей көлдү тордон тазалап жүрүшкөнүн белгилеп, калкты алардын эмгегин баалап, кайра тор салбоого үндөдү.
"Жаратылышты таза сактап, кийинки муунга өткөрүп берели. Соң-Көл менен Токтогул суу сактагычында да ушундай эле көрүнүш. Эл арасында "торлорду бажыдан өткөрбөй койбойсуңарбы" деген сын-пикир бар. Албетте, синтетикалык торлорду Кыргызстанга алып келүүгө тыюу салынган. Бирок мурда алып келинген торлордун арты бүтпөй жаткандай. Кимде мурда алып келинген торлор бар болгон болсо, жогорудагы министрликтерге тапшырып берсеңиздер, өтүнүч", — деп жазды Жапаров.
Ысык-Көлдөн 13,9 миң метр браконьердик тор чыгарылды