Өзгөндө өспүрүм кыз менен 29 жаштагы келин өз жанын кыйган

Sputnik
БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Өзгөн районунда эки күн ичинде өз жанын кыйган 29 жаштагы келин менен жашы жете элек кыздын сөөгү табылды.
Ош облустук милициясы 14-апрелде саат 19:15 чамасында кабар келгенин билдирди. Алгачкы текшерүүнүн жүрүшүндө өспүрүм кыздын сөөгү үйүндө табылганы аныкталган. Окуя боюнча күбөлөр суралып, денеге сырттан кароо жүргүзүлгөн. Учурда маркумдун өлүмүнүн так себебин аныктоо максатында соттук-медициналык изилдөө дайындалып, тергөө уланууда.
29 жаштагы келиндин да сөөгү 12-апрелде өз үйүндө табылган. Экспертиза дайындалып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды. Маркум келиндин артында үч баласы калды.
110 сом... Нарында 14 жаштагы өспүрүм жанын кыйды. Милициянын маалыматы