Өлкөдө автоунааларды мыйзамдаштыруу боюнча дагы бир өнөктүк өтүшү мүмкүн

Sputnik
БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Кыргызстанда автоунааларды мыйзамдаштыруунун дагы бир өнөктүгү өтүшү мүмкүн. Бул тууралуу ИИМ жетекчисинин биринчи орун басары президенттин Ош облусунун тургундары менен жолугушуусунда билдирди.
Мамлекет башчы Садыр Жапаров автоунааларын мыйзамдаштыргысы келгендерди бул мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбоого, "уктап калбоого" чакырды.
Белгилей кетсек, ИИМде президенттин дагы бир жарлыгынын долбоору бар. Анда мыйзамдаштырылбаган автоунаалардын ээлерин 1-майга чейин автону өлкөдөн чыгарып кетүүгө же тетикке сатып жиберүүгө милдеттендирүү сунушталууда. Болбосо, машиналар утилдештирилет. Долбоор коомдук талкууга чыгарылган.
Буга чейин Кыргызстанда чет элдик номерлери бар автоунааларды мыйзамдаштыруу боюнча өнөктүк өткөрүлгөн. Экономика министрлигинин маалыматына ылайык, 1-апрелден 1-октябрга чейин анын алкагында болжол менен 30 миңге жакын транспорт каражаты каттоодон өткөн.
Кыргызстандагы майды аз ичкен унаалардын баасы. Инфографика