БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев иш сапары менен АКШнын Вашингтон шаарына барды. Өкмөттүн маалымат кызматы кабарлагандай, ал Эл аралык валюта фондунун (ЭВФ) жана Дүйнөлүк банк тобунун жазгы жолугушууларына катышат.
Ошондой эле АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясынын өкүлдөрү менен эки тараптуу сүйлөшүүлөр пландалууда. Жолугушуулардын жүрүшүндө мамлекеттер аралык диалогду жана экономикалык өнөктөштүктү бекемдөө келечеги талкууланат.
"Иш сапардын алкагында Дүйнөлүк банктын операциялар боюнча башкаруучу директору Анна Бьерде, Европа жана Борбор Азия боюнча вице-президенти Антонелла Бассани менен сүйлөшүүлөр өтөт. Meta, Oracle, NVIDIA жана SpaceX сыяктуу алдыңкы дүйнөлүк корпорациялардын топ-менеджменти менен бир катар жолугушуулар пландаштырылууда", — деп айтылат маалыматта.
Касымалиевдин Вашингтонго болгон иш сапары бир нече күнгө созулуп, Кыргызстандын эл аралык институттар менен кызматташтыгын өнүктүрүүгө багытталган бир катар документтерге кол коюу менен аяктайт.