Бул кездешүү Юрий Гагариндин 65 жылдыгына арналган "Жылдыздарга жол" фестивалынын алкагында уюштурулган.
Космонавт ал жердеги ымыркайлардан тарта тестиерлерге чейин, ар бирине көңүл бурууга аракет кылды. Ал балдарга жарык берген кичинекей космонавтты, кызыктуу белекти тапшырды.
Шарипов балдарга космоско көтөрүлгөн сапары туурасында кызыктуу баян курду.
"Биз балдар, окуучулар жана студенттер менен баарлашып, тажрыйбабыз менен бөлүшөбүз. Так ушул жерде балдарга эгер ишенип турсаң, аракет кылсаң, колдон келбеген эч нерсе жок деп айткым келет. Адам келечекти, ден соолукту ойлоп, алдыга кадам таштаса, сөзсүз айыгып кетет. Бул, албетте, ишке аша турган нерсе", — деди Шарипов.
Иш-чарага катышкан Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун директору Шайирбек Сулайманов мындай жолугушуулар балдардын ооруну жеңишине чоң жардам берерин белгиледи.
"Салижан Шарипович космоско 8 жыл даярданганын айтты. Тилекке каршы, биздин балдар да оору менен узак убакыт күрөшүүгө туура келген учурлар болот. Алар да эрктүүлүккө, жакшылыкка умтулушу керек. Мындай жолугушуулар балдардын ооруну жеңишине чоң жардам берет", — деди директор.
Иш-чараны уюштурган Россотрудничествонун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Альберт Зульхарнеев акциянын максатын айтты. Жолугушуу балдардын космонавтты өз көзү менен көрүп, ар кандай сыноолордон өтүп, максатына кадам таштаган инсан бар экенине ишениши үчүн уюштурулганына токтолду.
Help The Children-SKD коомдук кайрымдуулук фондунун негиздөөчүсү Елена Конева мындай жолугушуулар керектигин баса белгиледи.
"Биздин балдар дагы чыныгы каармандар, анткени күн сайын оору менен күрөшүп келишет. Алар мында өздөрүн жалгыз сезбеши үчүн ар кандай иш-чараларды өткөрүп турабыз. Мына, Космонавтика күнүнө карата уюштурулган жолугушуудан балдарды айтпаганда, өзүбүз да чоң ырахат алдык. Ал тургай дарыгерлерибиздин бардыгы сүрөткө түшүп алалы дешти. Бул баары жакшы болот деген ишенимди жана көтөрүңкү маанайды тартуулаган өзгөчө бир дем болду", — деген Конева.