Кыргызстан боюнча 200 ири долбоор тандалып, инвестор тартылат

Sputnik
БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Президенттин тапшырмасы менен өлкө боюнча 200 ири долбоор тандалып жатат. Бул тууралуу өлкө башчынын өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев билдирди.
Анын айтымында, ири долбоорлор ар бир райондон алынат.
"Тандагандан кийин инвестор тартып, көрсөтөбүз. 2030-жылга карата өлкөнүн ИДПсы 30 миллиард доллар болушу керек. Президент дүйнөнүн өнүккөн 30 мамлекетинин катарына кирүү тапшырмасын койгон. Бул долбоорлор Кыргызстандын экономикасынын өсүшүнө түрткү болот", — деди Төрөбаев.
Белгилей кетсек, Бакыт Төрөбаев Ош шаарында акимдер, эконимика адистери жана ишкерлер менен жыйын өткөрдү. Анда ишкерлер сунуштаган долбоорлор талкууланды.
Касымалиев ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ортосунда өнөр жай ажырымын чечүүгө чакырды