Ысык-Көлдөн 13,9 миң метр браконьердик тор чыгарылды

Sputnik
БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Туристтик-экологиялык милиция Ысык-Көлдү тазалап, акваториясынан 13 900 метр тор алып чыкканын облустук милиция билдирди.
Мындан тышкары, мыйзам бузгандардан дагы 3 000 метр тор конфискацияланып, ал эми 300 даана балык жергиликтүү экологиялык көзөмөл органдарына өткөрүлгөнү айтылат. Буга кошумча, жергиликтүү тургундар 31 торду ыктыярдуу тапшырып беришкен.
"Үстүбүздөгү жылдын үч айында 34 экологиялык кылмыш катталып, 16 иш сотко жөнөтүлдү, төрт адам убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Жалпы суммасы 572 миң сомдон ашык доо арыздар коюлду", — деп билдиришти ички иштер башкармалыгынан.
Учурда укук коргоо органдары кайыктар жана дрондор аркылуу рейддик текшерүүлөрдү улантып, жээкти таштандыдан тазалап, калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.
Ысык-Көлдө “Формула-1ге” окшош кайыктардын жарышы өтүшү мүмкүн