Кыргызстанда энергетиктерди даярдай турган компетенция борбору түзүлөтИран Трамптын ашата тилдегенине жооп бердиЭдил Байсалов менен Билал Эрдоган Көчмөндөр оюндарына даярдыкты талкууладыМинистрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин төрагасы Эдил Байсалов Бүткүл дүйнөлүк этноспорт конфедерациясынын президенти Билал Эрдоган менен жолугушту. Жолугушуу Анталияда өткөн VIII Эл аралык этноспорт форумунун алкагында орун алды. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын даярдоо жана өткөрүү алкагында өнөктөштүк кызматташуунун негизги маселелерин, ошондой эле эл аралык деңгээлде этноспорт тармагында кызматташууну мындан ары өнүктүрүү келечегин талкуулашты.Мындан тышкары, форумдун алкагында алдыңкы эл аралык спорт ассоциацияларынын жана катышуучу өлкөлөрдүн федерацияларынын өкүлдөрү менен бир катар жумушчу жолугушуулар болуп өттү. Анын жүрүшүндө алардын VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуу маселелери, анын ичинде өз ара аракеттенүү форматтары, уюштуруу аспектилери жана улуттук командалардын өкүлчүлүгүн кеңейтүү талкууланды.
Кыргызстан Борбор Азиядагы алгачкы энергетикалык компетенция борборун түзөт. Демилге Татарстандын Казань шаарында өткөн "Энергопром" эл аралык форумунун алкагында көтөрүлгөнүн Энергетика министрлигинен кабарлашты. Маалыматта келишимге Кыргызстан менен Татарстандын өкүлдөрү кол койгону айтылат. Анын алкагында Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстанда биринчи жолу электрди өчүрбөй туруп иштөөнү үйрөтө турган атайын борбор ачылат. Мында энергетика тармагындагы адистер даярдалып, квалификациясы жогорулатылат. Долбоорду ишке ашыруу электр энергиясын өчүрүүлөрдүн санын кыскартууга, энергетикалык жоготууларды азайтууга жана калк менен бизнес үчүн кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатууга өбөлгө түзөрү белгиледи.
Ормуз кысыгы аркылуу өткөн танкерлер 28-февралдан тарта 90 пайызга кыскарды. Бул туурасында Бахрейндин ТИМ башчысы Абдель Латыф аз-Заяни айтканын BNA агенттигине таянуу менен РИА Новости жазды. Аталган аймак эми өзгөчө АКШ жана Израиль үчүн мурдагысындай болбой калгандыгын Ирандын ислам революциясынын коргоочулар корпусунун башчылыгынан кабарлашты. "Ормуз кысыгы эми мурдагысындай болбойт, бул АКШ жана Израилге өзгөчө тиешелүү", — деп айтылат маалыматта.
Ирандын БУУдагы туруктуу өкүлчүлүгү АКШ президенти Дональд Трамптын Тегеранга карата эмоцияга алдырып жазгандарын айыптаган билдирүүнү X социалдык тармагына жайгаштырды. Мурдараак Трамп ирандыктарды тилдеп, Ормуз кысыгын ачууну талап кылган. "Шейшемби Иранда электр станцияларынын жана көпүрөлөрдүн күнү болот, ошондо бардыгы бир күнгө туш келет. Мындай эч качан болгон эмес. Кысыкты ачкыла, акмактар, болбосо тозокко түшөсүңө, карап тургула! Аллага мактоолор болсун", — деген Трамп. Ирандын БУУдагы туруктуу өкүлчүлүгүнүн билдирүүсүндө бул кадам "карапайым калкка каршы террорчулукту жасоого жасалган ачыктан-ачык чакырык жана согуштук кылмышка баруу ниетинин айкын далили" экени айтылат. Ошондой эле өкүлчүлүк дүйнөлүк коомчулукту мындай нерсени алдын алуу үчүн "дал ушул убактан, азыртадан баштап козголууга" чакырды. Трамптын бул кылыгын АКШнын ичиндегилер да сындап жатат.