Таласта "Альянс гидро" кичи ГЭСинин курулушу башталды. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Талас облусунда "Альянс гидро" чакан ГЭСинин курулушуна капсула салынды. Иш-чарага президенттин аймактагы өкүлчүлүгү менен Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун кызматкерлери катышты.
Долбоор жалпысынан 39,2 миллион долларга бааланган. Анын 25 миллион долларын Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду бөлгөн. Кичи ГЭСтин кубаттуулугу — 24 МВт, жылына орточо эсеп менен 100 млн кВт саат электр энергиясын өндүрө алат.
"Объект ишке кирсе Жер-Үй кенин толук электр энергиясы менен камсыздап, "Талас электр түйүндөрү" ишканасына түшкөн түйшүктүн бир бөлүгүн өзүнө алат", — деп билдиришти Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунан.
"Альянс гидро" — РКӨФтүн Талас жергесинде каржылаган экинчи кичи ГЭСи. Мындан эки жыл мурун Бала-Саруу ГЭСи ишке кирген. Фонд республика боюнча энергетика жаатында жалпы кубаттуулугу 500 мегаватты түзгөн 17 долбоорду каржылап келет.
РКӨФ Бишкектеги 450 орундуу мектептин курулушун каржылайт