БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио бир катар союздаштардын Иранга каршы операцияга кол кабыш кылуудан баш тартканынан улам НАТОну Америкага карата бир тараптуу мамиле жасоодо деп күнөөлөдү. Бул тууралуу ал Fox News телеканалына маек куруп жатып айткан.
"Эгер биз уюм аймагындагы базаларабызды өз кызыкчылыгыбыз үчүн колдоно албай калган деңгээлге жетсек, демек, НАТО бир тараптуу көчөгө айланып калды. Европаны коргоо үчүн биздин аскерлер ошол жакта жүрөт, бизге керек учурда жардам ала албай калдык", — деди Рубио.
Мамкатчы АКШ НАТОнун маани-маңызын талдап чыгышы керектигин белгиледи. Анын айтымында, Иранга каршы операция аяктоо фазасына жетти, деген менен аны бүгүн-эртең бүтүп калат деп айтууга эрте.
Буга чейин Пентагондун башчысы Пит Хегсет АКШ президенти Дональд Трамп Ирандагы согуш аяктагандан кийин НАТОнун тагдырын чечерин билдирген.
Кечээ Франция Американын курал-жарагын Израилге өткөрүү үчүн аба мейкиндигин берүүдөн баш тартканы белгилүү болду. Трамп Париждин бул кадамын унутпай турганын айткан.
Мындан бир күн мурун Испания да АКШ менен Израилдин операциясына катышып жаткан авиация үчүн асманын жапкан. Ага чейин Мадрид аймагындагы Рота жана Морон базаларын пайдаланууга тыюу салган болчу.
Жакынкы Чыгышта абалдын курчуп кеткенине бир айдан ашты. Ошондон бери тараптар бири-бирине сокку урууда. Марттын орто ченинде Трамп Европа менен Азиянын бир катар мамлекеттерин аймакка аскер кемелерин жөнөтүүгө чакырган, бирок көпчүлүк андан баш тарткан. Ак үйдүн ээси колдоо көрсөтпөй койгон НАТОдогу союздаштарына нааразы экенин белгилеп, Вашингтон көрсөтүп келген көмөгүн токтотуп коюшу мүмкүн деп коркуткан.