Кара-Сууда "Көкчө-Көз" транспорттук-логистикалык борбору иштей баштады

Sputnik
БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Ош облусунун Кара-Суу районунда "Көкчө-Көз" транспорттук-логистикалык борбору ишке берилгенин долбоорго каржылык колдоо көрсөткөн Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунан билдиришти.
Долбоордун наркы 8 миллион долларды түзөт, анын 3,5 миллионун РКӨФ бөлгөн.
"Көкчө-Көз" ТЛБсы жалпы 17 гектар жерди ээлеп, күнүнө 700дөн ашуун жүк ташуучу унаа кабыл ала алат. Эркеч-Там — Ош — Өзбекстан жолунун боюндагы калктуу конуштардан үч чакырым аралыкта жайгашкан. Борбордо Кытайдан Кыргызстан аркылуу Өзбекстанга жөнөтүлгөн транзиттик жүктөрдү тариздөө боюнча кызматтын бардык түрү көрсөтүлөт.
"Транпорттук-логистикалык борбордун аймагында "А" классына кирген жогорку технологиялуу кампалар болот. Мындан тышкары, фитосанитардык анализдер сыяктуу ветеринардык көзөмөлдүн бардык процедураларынан өтүүгө мүмкүнчүлүк түзүлгөн", — деди РКӨФ төрагасы Артем Новиков.
Борборго таандык 5,05 гектар жерге 1000 машина баткыдай унаа токтотмолорун жана тамактануучу жайларды куруу каралган.
РКӨФ 2030-жылга чейинки программасын өлкөнүн Улуттук стратегиясына айкалыштырат