10 миң долларга чейин алып... "Кызматтын" адиси ортомчулары менен кармалды

Sputnik
БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. "Кызмат" мекемесине караштуу Биринчи май райондук калкты тейлөө борборунда коррупциялык схема аныкталып, бөгөт коюлганын УКМК кабарлады.
Маалыматка ылайык, иликтөө иштеринин алкагында Ж.Э.Ж. аттуу кызматкер эки ортомчусу менен мамлекеттик кызмат алуу үчүн борборго кайрылган адамдардан акча чогултуп келгени такталган. Алардын арасында чет элдиктер да болгону айтылды.
"Схемага ылайык, ортомчулар кардар таап, документ иштерин тездетүүгө, кызматтарды кезексиз алууга кепилдик беришкен. Көрсөтүлгөн кызматтардын деңгээлине жараша 100 доллардан 10 миң долларга чейин алып турушкан. Бул иштин баарын алар борбордун кызматкери Ж.Э.Ж. менен бирге ишке ашырышкан", — деп айтылат билдирүүдө.
Натыйжада Калкты тейлөө борборунун кызматкери эки ортомчусу менен кармалып, камакка алынды. Ушу тапта схемага тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери уланып жатат.
Мындан тышкары, УКМК КТБнын кызматкерлери менен биргеликте чет элдиктерди үйүнө кагаз жүзүндө каттоого тургузган турак жай ээлерине түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнү айтылды.
Милиция кызматкерине пара берди деген шек менен чет элдиктер кармалды