ЖКККББ башчысы Жеңишбек Жоробеков кызматынан кетти

Sputnik
БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Өлкөдө жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо багытында иш начар жүргүзүлүп, автокырсыктардын саны кескин өскөндүгүнө байланыштуу ЖКККББ жетекчиси Жеңишбек Жоробеков коллегиянын чечими менен иштен кетти. Бул туурасында ИИМден кабарлашты.
Бүгүн ички иштер органдарынын жетекчилери үчүн коллегиялык отурум болгон.
Андан сырткары, бир катар жетекчилер ротация болгон. ИИМдин ички иликтөө кызматынын жетекчиси Алмаз Осмонбеков кызматынан бошотулуп, ИИМдин ички аудит кызматынын башчылыгына дайындалган.
Ал эми ички иштер министринин кеңешчиси Улан Бийбосунов Осмонбековдун ордуна келип, тагыраагы, Ички иликтөө кызматынын башчысы болгон.
Эске салсак, Жоробеков бул кызматка 2024-жылы 29-февралда келген.
Жапаров Бишкек ШИИБинин жаңыланган имаратын көрүп чыкты. Видео