1-октябрга карата аба ырайы

Өлкө боюнча аба ырайы кескин өзгөрүп, мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Шаршембиде республиканын тоолуу райондорунда кар жаап, үшүк жүрөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө 10…15, Талас өрөөнүндө 9…14, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында 22…27, Ысык-Көл жеринде 15…20, Нарын чөлкөмүндө 17…22 градус болот.
Күндүн табы Бишкекте 12…14, Ош шаарында 24…26 градусту көрсөтөт.
Жаан карга айланып, үшүк жүрөт! Кыргызгидромет шашылыш билдирүү таратты