БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Кыргызстанда евразиялык билим берүү көргөзмөсү өтүп жатканын уюштуруучулар билдиришти.
Анда Россия, Кыргызстан жана Казакстандын алдыңкы жогорку окуу жайлары тууралуу маалыматтар сунушталган.
Иш-чараны "Евразия" кызматташтык уюму жана Кыргызстандын Агартуу министрлигинин колдоосу менен Бишкектин Билим берүү берүү департаменти уюштурган.
Окуучуларга медицина, экономика, финансы, маалыматтык технологиялар жана айыл чарба багыттарындагы билим берүү программалары жөнүндө маалыматтар берилди. Бир эле учурда алар экспресс-тесттен өтүп, окууга тапшыруу мүмкүнчүлүктөрүн сынап көрүштү.
Бишкектеги көргөзмөгө алты миңден ашык адам чогулуп, рекорддук көрсөткүчкө жетти. Иш-чара эми Токмок, Балыкчы жана Каракол шаарларында уланат.