БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Россия менен Кыргызстандын жогорку окуу жайлары бири-бирине сунуштай турган нерсеси көп. Бул тууралуу элчи Сергей Вакунов КРСУда өтүп жаткан II Кыргызстан — Россия билим берүү форумунда билдирди.
Ал россиялык илим жана билим берүүгө суроо-талап күч экенин, муну эки өлкөнүн адистери тастыктап келерин белгиледи.
"Россия менен Кыргызстан ЖОЖдорунун бири-бирине сунуштай турган нерсеси көп", — деди Вакунов.
Элчи эки өлкөнүн билим берүү жайлары программа жана иштеги ыкмалары боюнча бири-бирине окшош экенин кошумчалады.