Бюрократия жана коррупция тобокелчилигин азайтат - менчик мектептерди ачууга лицензия берүү жеңилдеди

Sputnik
Өлкөдө менчик мектептерди ачууга лицензия берүү жеңилдетилди. Ага ылайык, эми лицензия алуу үчүн берилген арызды кароо мөөнөтү 30 күндөн 20 күнгө чейин кыскарды. Муну менен катар лицензиялык кеңеш жоюлуп, текшерүү алынып салынган. Ушул сыяктуу эле дагы бир катар өзгөрүүлөр орун алды. Бүгүнкү “Спутниктен сүйлөйбүз" программасында дал ушул өзгөрүүлөр жана дегеле менчик мектептерди кантип ачса болору тууралуу маектештик. Биздин суроолорубузга Агартуу министрлигинин аккредитациялоо жана лицензиялоо бөлүмүнүн башчысы Бактыгүл Акулова жооп берди.