Артка кайтаруу же жаңы макам. Европада украин качкындары боюнча сөз болууда

Sputnik
БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. ЕБдин кеңеши качкындарга Украинага кайтып барууга же Европа биримдигинде мыйзамдуу жашоо статусуна өтүүгө жардам берүүнү караган план иштеп чыкканын Sputnik Ближнее зарубежье каналы кабарлады.
Жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттары планда "тааныш сапарларды" Украинага уюштуруу каралып жатканын жазды. Украиндерге өлкөдөгү абал тууралуу толук маалымат, анын ичинде укуктук жагдайлар жана зарыл кеңештер берилери айтылды.
2022-жылдын март айында Европа биримдигинде украиндер үчүн аларды коргоп, колдоо боюнча программа 2027-жылдын 4-мартында соңуна чыгат.
Ал эми "Известия" аталган уюмдун сайтындагы маалыматка таянып, украин качкындарын кабыл алуу программасы токтой турганын билдирди.
Украиналык качкындар да убакыттын өтүшү менен укуктук негиздери болсо ЕБ аймагында башка макам ала алышат. Ошондой эле, аталган биримдиктин мыйзамдарына ылайык, бир эле учурда башка статус менен убактылуу коргоону кошо ала албай турганы белгиленген.
Польша президенти иштебеген украиналыктарга жөлөк пул берүүгө каршы чыкты