Радио

Абиров: ЕАЭБдин бирдиктүү товардык биржасы ортомчусуз соодага жол ачат

Кыргыз фондулук биржасынын вице-президенти Мыктыбек Абиров өлкөдө товардык биржа жетишсиз өнүккөнүн белгилеп, аны мыйзамдык жактан жөнгө салуу ишкерлер үчүн ири мүмкүнчүлүк болорун айтты.
Sputnik
Кыргызстанда товардык биржа Евразиялык экономикалык биримдиктин (ЕАЭБ) башка өлкөлөрүнө салыштырмалуу анча өнүккөн эмес. Бул тууралуу Мыктыбек Абиров Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, уюмдун бирдиктүү товардык биржасы түзүлсө, ишкерлер үчүн ири мүмкүнчүлүктөргө жол ачылат.
"Бирдиктүү биржа аркылуу уюмга мүчө мамлекеттерден товарларды түз, ортомчусуз алып сатууга шарт түзүлөт. Ошондой эле тизме жана талаптар так аныкталат. Ар кандай товар эмес, стандарттарга жооп берген продукциялар гана бирдиктүү биржага сатыкка чыгарылат. Учурда талаптар ар башка, туруктуу стандарт жок. Алсак, Кыргызстанда товардык биржа лицензиясыз иштеп келет. Ал эми башка өлкөлөрдө лицензия талап кылынса, айрымдарында мыйзам менен бекитилген монополист биржалар бар. Мына ушул айырмачылыктар ЕАЭБ ичинде соода жүгүртүүгө тоскоолдук жаратпашы үчүн бирдиктүү талаптар кабыл алынышы керек. Бул бардык өлкөлөр үчүн түшүнүктүү жана ыңгайлуу болот", — деди Абиров.
Ал ошондой эле бирдиктүү биржа өлкөлөр ортосундагы сооданы жеңилдетип, товарлар ачык жана калыс баада сатылышын камсыз кыларын кошумчалады.