Жакынкы өлкөлөрдүн кампа жаатындагы мүмкүнчүлүктөрү. Инфографика

Кыргызстанда коңшу Өзбекстанга салыштырмалуу кампа тогуз эсе аз. Мындай айырмачылыктын себебин Sputnik Ближнее зарубежье менен маектешкен LogiStan долбоорунун башкы редактору Григорий Михайлов түшүндүрүп берди.
Sputnik
Жакынкы өлкөдө кампа кыймылсыз мүлкү боюнча алдыңкы сегиздикке киргендер
Анын айтымында, кампалардын саны түздөн-түз соодага байланыштуу. КМШ өлкөлөрүнүн ичинен кампалык кыймылсыз мүлктүн көлөмү боюнча Казакстан, Беларусь жана Өзбекстан алдыда турат.
Бул мамлекеттер аркылуу транзиттик жүк абдан көп өтөт. Ошондой эле маркетплейстер аркылуу онлайн-соода да өсүүдө. Казакстанда Wildberries өзүнүн кампасын куруп бүттү.
Учурда россиялык бул компания Кыргызстанда да кампа куруу мүмкүнчүлүгүн талкуулоодо. Эксперт бул аталган жайлардын санын көбөйтүүгө алып келерин белгиледи.